Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

«Азаттыктын» «YouTube» каналына жазылгандар бир миллионго жетти


«Азаттыктын» «YouTube» каналынын негизги бети.
«Азаттыктын» «YouTube» каналынын негизги бети.

«Азаттыктын» «YouTube» платформасындагы каналына жазылгандар бир миллионго жетти.

2010-жылдан бери «Азаттыктын» кабарчылары даярдаган бардык видеолор «YouTube» порталындагы Azattyk деп аталган каналга жүктөлүп, көрөрмандарга такталган, сапаттуу материалдар сунушталып келет. Ушул кезге чейин каналдагы видеолор дээрлик 350 миллион жолу көрүлдү.

Каналга жарыяланган айрым видеолор КМШ өлкөлөрүнүн Интернет сегментинде да кеңири жайылып, Кыргызстандагы окуялар тууралуу так жана бейтарап маалыматты жеткирет.

2016-жылдан тартып «Азаттыктын» каналы аркылуу Кыргызстандагы орчундуу окуялар, парламенттин жыйындары, шайлоо жана референдумдар түз эфирде чагылдырылып турат.

«Азаттыктын» «YouTube» платформасындагы каналынан көрөрмандар теледолбоорлордун видеотекасын таап, көрө алат. Ар бир теледолбоорго каналда өзүнчө плейлист ачылган. Көрөрман каалаган видеосун оңой эле издеп таап, өзүнүн пикирин билдире алат.

2017-жылдын ноябрь айында «Азаттыктын» каналына катталуучулар 100 миңге жетип, күмүш баскыч алган. (KR)

XS
SM
MD
LG