Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Бишкек: эстен чыккан санитардык талап

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 133​ кишиге жетти. Күн сайын 10го жакын бейтап өмүрү менен кош айтышууда.

Бирок ага карабай коомдук жайларда жарандар санитардык талаптарды сактабай жатышат. Түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, базар, кафе-ресторандар мурдагыдай иштеп жатат.

Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 150 миңге жакындап калды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча вирус соңку бир суткада дагы 1 398 адамдан аныкталды. COVID-19дан дагы он бейтап көз жумду.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

16x9 Image

Канат Рыскулов

"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG