Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:46

Азыркы кыргызстандык

Бир күндө жылдызга айланган Данияр


Бир күндө жылдызга айланган Данияр
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Кыргызстандык вайнер Данияр Токтомамбетов учурда интернет айдыңында жылдыз болууда. Инстаграмда mc_doncha деген ат менен катталган Даниярдын күлкүлүү реп видеолорун Тимати, Jah Khalib, "А-Студио" тобунун ырчысы Кэти Топурия, Михаил Галустян сыяктуу жылдыздар өз баракчаларында бөлүшкөн. Орусиялык көңүл ачуучу бир нече телеканалдар да кыргызстандык вайнер жөнүндө көрсөтүштү. Учурда Даниярдын видеолорун орусиялык, казакстандык жүздөгөн интернет колдонуучулар бөлүшүүдө. Вайн -социалдык тармакка жайгаштырылуучу кыска тасма. Анда жашоодон алынган окуялар чагылдырылат. Тасмалар айрым ишканалардын жашыруун жарнамасын камтып, бул жол менен каражат тапкандар да аз эмес.

XS
SM
MD
LG