Баткендин Кызыл-Кыя, Үч-Коргон аймагында 30 миңдей тажик улутундагылар жашайт. Жергиликтүү тургундар арасында улутуна карабай үй бүлө күтүп, өмүр бою эриш-аркак жашагандар арбын. Кандай той болбосун улуттук музыкалык аспаптардын коштоосу менен көркүн ачышат.