Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Чек арада кармалгандар кайта элек


Кыргыз-казак чек арасы. 22-март, 2013-жыл
Кыргыз-казак чек арасы. 22-март, 2013-жыл

Кыргыз өкмөтү камактагы малчыларды бошотуу өтүнүчү менен Казакстанга телеграмма жолдоду.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов 22-августта казак чек арачылары кармаган жарандардын туугандарын кабыл алып жатып билдирди. Тараптар жакында жолугуп, бул маселени талкуулай турганын айтты.

Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен казак чек арачылары 11-июлда Ысык-Көлдүн ондон ашык тургунун кармап кеткен. Кыргыз малчылары Көк-Көл жайлоосунда мал издеп жүрүп коңшу өлкө тарапка өтүп кеткени айтылууда.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов келаткан аптада бир катар кыргыз-казак жолугушуулары өтөрүн “Азаттыкка” маалымдады. Камактагы малчылардан кабар алуу милдети Алматыдагы кыргыз консулдугуна тапшырылганын билдирди:

- Ушул маселе боюнча 26-августта бул жакка Казакстандын өкүлдөрү келет. 27-28-августта мен Казакстанга барып ушул эле маселелер боюнча башка структуралардын өкүлдөрү менен жолугам. Ал жактагы биздин консулга, Тышкы иштер министрлигине тапшырма бердим. Алар өткөндө барып биздин балдарга жолугуп келиптир. Дагы бир жолу барып, ден соолугун сурап койгула дедик. Алматыдагы биздин консулдун өкүлдөрү эртең ошол жакка жөнөгөнү жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин камалган жарандарды бошотуу өтүнүчү менен Астанага нота да жөнөткөн эле.

Камакта жаткандардын арасында Динара Бегинбаеванын 32 жаштагы уулу бар:

- Уулум малчы болчу, торпок-жылкы бакчу. Жылкысы кирип кетип анан кармалып калып жатпайбы. Биз эч кандай маалымат ала албай жатабыз. Караколдогу чек арачыларга чалсак, Талды-Кургандын СИЗОсунда жатат дейт. Бирок кайсы жерде экенин так билбей жатабыз. Казактардан да маалымат жок.

Ысык-Көлдүн Түп районундагы Корумду айылынын 9 тургуну "казак чек арасынан мыйзамсыз өттү" деген айып менен ушул жылдын 11-июлунда кармалган. Кийинчерээк экөө бошогон, ал эми жети адамдын баш коргоо чарасы боюнча сот 24-июлда болгон. Анда эки айга камоо тууралуу өкүм чыккан.

​Талдоочу Искендер Ормон уулу бул маселе боюнча кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү майнаптуу болорунан, Астананын ийге келишинен күмөн санап жатат. Анын баамында, кошуналар кыр көрсөтүшү ыктымал:

- Чөлкөмдөгү саясий маданияттын деңгээлине ылайык, мындай маселелерди укуктун алкагында чечкенге жакшы көнө албай жатпайбызбы. Эмоция алдыга чыгып, “сен күчтүү, мен күчтүү” деген маселе үстөмдүк кылып жатат. Эми казактар оор жаза бере албайт, бирок “Ормон опуза” кылса керек. Мындан кийинкилерге сабак болсун дегендей айыппул салып, кайсы бир убакка чейин сурап, кыскасы мындан кийин да ушундай нерселер кайталанбашы үчүн чара көрөт болушу керек. Биздин жарандар атыйлап чек арадан өтүп барып, күч көрсөтүп ыкыс кылбаган соң маселе ушундай эле чечилсе керек.

Азыр жалпысынан чек араны бузду деген айып менен Ысык-Көлдүн 11 жараны кармалып турат. Алар мал издеп барып колго түшкөнү айтылууда.

Казакстан менен чектешкен жайлоодо малдын кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткен учуру көп эле болот.

XS
SM
MD
LG