“Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн каарманы эл аспаптарын жасаган чебер Азамат Беделбаев. Он жылдан бери кылдуу музыкалык аспаптарды жасоону аркалаган Азамат Беделбаев учурда демилге көтөрүп, балдар үйлөрүн комуз менен бекер камсыздоо максатын коюп жатат.