Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:10

Бишкек менен Оштун көчөлөрүнө жан кирди

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет. 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди.

Учурда баш калаа Бишкекте чакан финансы уюмдары, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк жана туризм агенттиктери ишке кирди. Мындан тышкары курулуш материалдары менен автоунаа тетиктерин саткан базарлар да эшигин ачты. Айрым тез татым жайлары ишин баштап, эс алуу багында сейилдеп жүргөн шаар тургундары көбөйгөнүн байкоого болот.

Буга чейин автобустар жана троллейбустар да каттамга чыга турганы айтылган. Бирок коронавирустун жайылып кетишинен кооптонгон Бишкек мэриясы коомдук транспорттун жүрүшүнө уруксат берген жок. Бирок ошого карабай айрым көчөлөрдө унаа тыгындарын байкоого болот. Бишкектин кире бериштеринде жалпысынан 16 санитардык көзөмөл посту иштеп жатат.

Ош шаарында өзгөчө абал токтогондон алгачкы күндөн тартып шаарда кыймыл жанданып, соода-сатык менен алектенгендер көбөйдү.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

16x9 Image

Дастан Үмөтбай уулу

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 

XS
SM
MD
LG