Урматтуу мекендеш, сизден жашоодо көпчүлүк байкабаган кызыктуу көрүнүш, замандаш тагдыры чагылдырылган, же жан багуунун ар кандай жолдорун таап, турмушун улап келаткан адамдар тууралуу видео баян күтөбүз.
Сынакка узундугу 5-6 мүнөттөн ашпаган, MP4, MPEG2 форматында 1280Х720 өлчөмүндө камерага жана телефонго тартылган видеолор кабыл алынат. Видеону DVD же электрондук почта аркылуу жөнөтүңүз.
Сынактын жеңүүчүлөрүн 500$, 300$ жана 200$ акчалай сыйлык күтүп турат.
Видео тасмалар 10-ноябрдан тартып, келерки жылдын январь айынын аягына чейин кабыл алынат.
Электрондук дарек: jashtar2014@gmail.com
Кеңсенин дареги: Бөкөнбаев көчөсү 177, Бишкек шаары, 720017 (Катка "Азаттык" радиосу, "Менин баяным" сынагына деп жибериңиз)
Эскертүү: Архивден жана интернеттен алынган, автордун уруксаты жок музыка коштогон видео тасмалар жараксыз деп табылат.
https://ssl.gstatic.com/ui/v1/icons/mail/images/cleardot.gif