Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ишкерлерден акча талап кылып, опузалап, коркутуп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалганын кабарлады.

31-октябрда кармалган бул төрт адам ишкерлерди «курулуш материалдарын сатып алабыз» деп алдап чакырышып, күч колдонуп 3800 долларын тартып алышкан.

Ошондой эле алар ишкерлерге «100 миң доллар карызбыз, айына 20 миңден төлөп турабыз» деген тилкатты күчкө салып жаздырышкан. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап акча талап кылуу») менен кылмыш иши ачылды. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин «мыйзамдагы ууру» аталган, кылмыш дүйнөсүнүн ири мүчөсү Камчыбек Көлбаев да кармалган эле. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу бүгүнкүгө белгиленген соту 3-ноябрга которулду. (BCh)

XS
SM
MD
LG