Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Кайгырбагын, туура жүргүн өмүрдө!


Мирзат Акунов.
Мирзат Акунов.
Бул жашоо ар бир адам баласына жаратуучудан бир гана жолу берилген көз ирмем деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени бойго жетип бир нерсени көздөп, пландап жүргөн кезде убакыттын кээде кандай ылдамдык менен өтүп баратканын көрүп, биздин пайдабызга чечилип жатабы же жокпу деген суроо туулат. Бирок ар бир инсан өзүнө берилген сыноо жашоону туура жашап өтсө, анда мен толугу менен ишенем, ал бактылуу адам!

Мен 23 жашка келгиче бир да жолу бактылуу болгум келбейт деген адамды жолуктурган жокмун, бирок бакытты ар кайсы нерседен издеп жаткандарын көп кездештирдим. Мен дагы мээнет кылып, адал ырыскы табайын деп Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде энергетика факультетинин электрчордондору тайпасынын бешинчи курсун аяктап жатам. Ушул кыска убакыт ичинде менин студенттик жашоомдо кандай таасирлер калганын баяндап жана колдон келишинче сүрөттөп да бергенге аракет кылам.

Кыскача өзүмдү тааныштыра кетсем, 1990-жылы 21-декабрда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында, дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Бул кесипти тандаганымдын себеби, ата-энем кесиптик лицейге окуума багыт беришкен эле.

2009-жылы Политехке тапшырганда ата-энем менен кеңешип, батирге жашамакчы болдум. Шаарда туугандар деле бар. Бирок алар менен сый болуп, студенттик жашоону жатаканадан баштоону эп көрдүм. Мен жана менин уялаштарым 1-курс болуп жатаканага келгенден баштап эле чоң курстагы балдардын түшүнүксүз бир “система” деп аташкан кылыктарына дуушар болдук. Анда “братандарыбыз” (агаларыбыз) Кудайга жакпаган иш кылып, түн ичинде ичип келип, акча доолап, тамак жасатып, анысы аз келгенсип сабаган учурлары болгон.

Студент болгучакты мындай жоруктарды укканда "ЖОЖдун студенттери кантип ушундай кылсын?" деп таң калчумун. Бирок тилекке каршы, мунун баарын өз көзүм менен көргөндөн кийин кыргыздын улуу муундары кийинкилерге (жаштарга) ушундай тарбия береби?- деп ичим ачышып, намыстангам.

Ата-бабаларыбыз Исламды бекем кармап, пайгамбарыбыз Мухаммеддин “Кимде ким улууларды сыйлабаса, кичүүлөргө ырайым кылбаса бизден эмес” деген хадисин аткарып келген болсо, биз азыркы жаштар кайдагы Батыштын терс көрүнүштөрүн өнөр кылып, өзүбүзгө жана келечек муунга зулумдук кылып жатканыбыз ачуу чындык.

Ошондо 2009-2010-окуу жылы жатаканага чыккан уландардын саны кыркка жетсе, бир ай өтпөй окуу жылдын аягына чейин болгону 10 эле бала калган. Ушуга карабай жатаканада кызыктуу окуялар көп болду, жаңы досторду таптым, алардын жакшы сапаттарын үйрөндүм. Досту кыйынчылыкта билесиң демекчи, кээде чоң курстардын "жыйналышынан" кийин таяк жесек да, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, таң атканга чейин тамашалашып отурган күндөр болгон. Эң кызыгы бир күнү ток, бир күнү ачка, чөнтөктө сокур тыйын калбай калганда да достор чогулуп, бир сындырым нанды тең бөлүшүп жеп калдык.

Кыскасы, ушундай акыбалда ата-энеңдин кадыр-баркын билип, алар тапкан акчанын кандай мээнет менен келерин сезип, адамча ойлонууга не жетсин? Мунун баарын Жараткан, инсанды тарбиялоо үчүн кылып жатса, биз неге шүгүр дебейбиз?!

"Аганы көрүп, ини өсөт" демекчи, ошондой туура эмес көрүнүштөрдү кылып жаткан агаларды көрүп, биз бул нерсени инилерге көрсөтпөйбүз деп сөз бердик. Бул тополоңду токтотобуз деген "күрөшүбүз" 4 жылга созулуп, акырында ойлогон максат аткарылып, бизден кичүү курстардын балдары менен ортодо сый-урматка жетиштик деп толугу менен айта алам.

Биз жаңы келген балдарга туура кеңештерибизди берип, алар менен дос болгонго аракет кылып жаттык. Эң башкысы трайбализмден арылып, Кыргызстандын ар кайсы бурчунан дос күтүп, башкаларды да бөлүнүп-жарылуудан тосуп, ар кандай салтанаттарды уюштуруп жаттык. Мисалы 2013-2014 - окуу жылында жатаканалар арасында футбол боюнча мелдеште жеңүүчү болуп чыктык.

Мен азыр да жатаканада жашаганыма өкүнбөйм, кайра келгис студенттик күндөрүм ошол жакта элес болуп каларына ишенем. Бирок жумушка, дипломдук ишке байланыштуу досторумду күндө көрбөй калганымда кээде жүрөктө сагыныч пайда болот. Акырында айтаар элем өзүмө: “Кайгырбагын, туура жүргүн өмүрдө!”

Акунов Мирзат Нурбекович , Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти. 5-курс
XS
SM
MD
LG