Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “POSTTOTAL18” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты. Мында көрүүчүлөр эски менен жаңынын айкалышында жаралган өзгөчө искусство өнөрүнө күбө боло алат. Көргөзмө бир ай бою көрүүчүлөр үчүн ачык болот.