Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Кыргызстан кум үстүндөгү спортко ылайык өлкө


Кум үстүндөгү күрөш. Тайланд. Пхукет шаары. 17-ноябрь, 2014-ж. Сүрөт: United World Wrestling
Кум үстүндөгү күрөш. Тайланд. Пхукет шаары. 17-ноябрь, 2014-ж. Сүрөт: United World Wrestling

Таиландда өткөн кум үстүндөгү Азия оюндарынан кыргызстандык спортчулар байгелүү кайтышты. Кыргыз спортчулары бул оюндардын тарыхында алгачкы жолу үч күмүш, үч коло медалды тагынышкан.

Бекболсун Кушубаков эркин күрөш жана бел боо күрөшүнөн бир нече жолу өлкө чемпиондугунда жана эл аралык мелдештерде жеңүүчү болгон. Ал жакынкы аралыктан бери кум үстүндө күрөшүүнүн эрежелерин үйрөнүп, бул күрөштөн Кыргызстандын чемпиону наамын жеңип, спорт чебери болууга жетишкен. Ал улуттук кураманын катарында жакында эле Таиландда өткөн кум үстүндөгү Азия оюндарына катышып, күмүш байге тагынып келди.

- Килем үстүндө күрөшкөн менен кумда күрөшүүнүн айырмасы абдан чоң экен. Кыргызстандын чемпиондугу өтүп, мыктылары бул мелдешке барганбыз. Бул күрөштү жаңыдан гана өздөштүрө баштадык. Эрежелерди жакшы билбегендиктен биз менен барган эки балбаныбыз утулуп калды. Бул күрөштүн келечеги кең. Бул спорт менен өлкөбүздүн намысын коргоп, байгелерди утсак болот.

Ноябрь айынын 14үнөн 23үнө чейин Таиланддын Пхукет шаарында өткөн кумда ойноло турган IV Азия оюндарына Кыргызстандан 16 адам спорттун төрт түрүнөн катышкан. Мекендештерибизге таандык күмүш байгелерди кум үстүндөгү күрөштөн Бекболсун Кушубаковдон сырткары, кумдагы самбо таймаштарынан Артур Те жана тайбоксчу Мирбек Сарткалмаков тагынса, триатлондон Валерия Уварова жана тайбоксчулар Бекжан Матысаев менен Мирбек Качкынбаев коло байгенин ээси болушкан.​

IV Кум үстүндөгү Азия оюндары (2014 Asian Beach Games) спорттун 26 түрүнөн өткөрүлүп, ага Азия чөлкөмүнө кирген 43 мамлекеттен эки жарым миңге жакын спортчулар катышкан. Үч күмүш үч коло байге менен Кыргызстан 43 өлкөнүн арасынан 28-катардан орун алды. 2008-жылдан бери ар эки жыл сайын өткөрүлүп келген бул оюндардагы быйылкы көрсөткүч азырынча эң жогору болду.

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кум үстүндөгү спорт оюндары дүйнөдө жаңыдан өнүгүп келатканын, эл аралык мелдештерде атаандаштык көргөзүш үчүн биздин мамлекетте да кумда ойноло турган оюндарды өнүктүрүү зарылдыгы пайда болгонун билдирди.

- Кум үстүндө ойноло турган оюндардан күрөш жана волейбол гана Кыргызстанда өнүгүү жолунда. Бул эки спорт учурда Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын программасына кирген. Азия оюндарына катышуу үчүн бир нече спортту өнүктүрүп, мыкты спортчуларды даярдоого шарт түзүлүшү керек. Кийинки Азия оюндарында спорттун көп түрүнөн таймаштарга катышууга аракеттенебиз. Бул оюндар көп чыгымды талап кылбайт. Ысык-Көлдө кум үстүндөгү спорт оюндарын өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Бул оюндарды кеңири жайылтуу менен туризмдин өнүгүшүнө салым кошсо болот.

Сепактакроу оюну.
Сепактакроу оюну.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун баамында, кумда ойноло турган оюндардын келечеги кең. Ал Азия оюндарынын жүрүшүнө күбө болуп, бир нече оюндарды Кыргызстандын шартында да өнүктүрсө болоорун байкап кайткан.

- Кум үстүндө ойнолгон волейболду айылдарда эки машине кумду төгүп, таяктарды орнотуп тор тартып алып эле ойноп өнүктүрсө болот. Бул оюнду кыздар арасында, балдар арасында да экиден ойношот. Бул Олимпиадалык оюндардын программасында да бар. Түштүк-Чыгыш Азияда популярдуу болгон сепактакроу (бут менен волейбол ойноо) дагы үйрөнүүгө жеңил оюндардын бири. Бул спорттун түрүн да Олимпиада оюндарынын тизмесине киргизүүгө аракет кылып жатышат. Андан сырткары дагы көп оюндарды ойнотсо болот, эрежелерин ала келдик. Федерацияларды түзүп, спортчуларды даярдоо аракетин көрүш керек. Эки жылдан кийин кум үстүндө ойноло турган оюндардын биринчи дүйнөлүк мелдеши болот. Жакында эле болгон Улуттук олимпиада комитеттеринин ассамблеясында 205 мамлекет колдоого алды. Бул оюнга да Кыргызстан татыктуу даярдык көрүшү керек.

Кум үстүндө Азия оюндары 2008-жылдан бери Азиялык Олимпиадалык кеңешинин колдоосу менен уюшулуп келет. Ага ылайык, спортчулар кумда, сууда жана кургакта волейбол, баскетбол, жел кеме спорту, виндсерфинг, парапланда учуу, суу лыжасы, триатлон, футбол, жеңил атлетика, кум үстүндөгү күрөш, петанк, суу ичинде тизе менен волейбол ойноо, бодибилдинг, гандбол, джиу-джитсу, сквош, самбо өңдүү мелдештерде күч сынашат.

2016-жылы боло турган кум үстүндөгү Азия оюндары Вьетнамдын Кханьхоа түштүк провинциясындагы Нячанг шаарында өтөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG