Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Азаттыкка салам!



Улгайган жашка барганда,

Үйдө отуруп калганда

Алаксытып сергитип

Азаттык келди жардамга!



Туура сүйлөп, түз айтуу

Азаттыктын адаты

Алыстан жыйнайт кабарды

Учкул экен канаты.



Азаттык ишин баштаса

Кубанам канат бүткөндөй,

Аралайм дүйнө түйшүктү

Зарыгып көпкө күткөндөй.


Азаттык тынчып калганда

Камыгып кетем зарыгып,

Сүйлөп турса жеңилдейм

Түйшөлткөн ойдон аралып.


Өргө сүйрөп эл журтту

Курчуй берсин талантың.

Чындыкты айтуу калкыңа

Дайым болсун адатың.


Куттуу болсун Азаттык

Алтымыш жаш курагың,

Басыгыңды бузбастан

Андан ары улагын.


Тайгак жолдо такшалып

Толуп турган убагың,

Элге кубат шат берип

Түбөлүк бол ылайым.


Азаттык ишин кубаттап

Жамаатыңа саламым,

Туруктуу бол, өркүңдө

Чын ыкластан кааларым.


Каалоо тилекти токуган 82 жаштагы Бозум Алышбаев, Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG