Европага сапар тартуу
2003-жылдын ноябрь айы болчу. Медицина тармагынын Канды кайра куйуу кызматы боюнча билимимди өркүндөтүү максатында чехиялык профессор Ленка Валтерованын чакыруусу менен Прагага келдим. Себеби канды куйуу кызматы Европада, анын ичинен Чехияда өтө күчтүү өнүккөн.
Прага аэропортунан мени профессор Ленка Валтерова өзү тосуп алды. Прагадан 80 чакырым алыста жайгашкан Млада Болеслав шаарында эмгектенет экен. Түз эле ошол жакка сапар алдык. Бул шаар атактуу Шкода машиналары менен таанымал. Мен ошол машинелерди жасаган заводго жакын 2 бөлмөлүү батирде 1 ай акысыз жашадым.
Профессор эмгек жамааты менен эртеси күнү тааныштырды. 3 жума Млада Болеславда, 1 жума Прагада стажировкадан өтмөй болдум. Ленка Валтерова орус тилин жакшы билет, эртең менен жана жумуш бүтөрдө мага 1 саат убактысын бөлүп, ар кайсы суроолорума жооп берип, түшүндүрүп жүрдү.
Медицина тармагын, анын ичинде канды куйуу кызматын өнүктүрүү үчүн Европадан биз көп нерсени үйрөнүшүбүз зарыл экенин мен ушул жерден түшүндүм.
Кийинки максат - "Азаттык"
Дем алыш күнү профессор Ленка Валтерова үйүндө коноктоп, Шкода заводун көрсөттү. Андан кийинки дем алышта Праганын Карлов университетине бардык, музейлерди, көпүрөлөрдү кыдырдык. Стажировканын мөөнөтү аяктай баштаган кезде, мен Ленка Валтеровадан "Азаттыкка" (ал жакта "Радио Европа" дешет) кантип барса болоорун сурадым.
- Ал жакта кимди тааныйсың?-деди Ленка мага.
- Эч кимди, болгону ошол жерде эмгектенген кыргызстандык бир боорлорду бир көрүп кетсемби дегем.
- Жок, ал жакка өткөрбөйт, атайын чакыруу болбосо, жөнөкөй эле жарандарга кирүүгө болбойт, имарат катуу кайтарууда.
Профессор экөөбүздүн "Азаттык" тууралуу маегибиз ушинтип бүттү. Ал аңгыча стажировкам да аяктап, үйгө кайтаар маал келди. Карамагымда дагы 2 күн бар, самолетко билетим даяр.
Түнү бою ойлонуп жаттым, мындай мүмкүнчүлүк дайыма боло бербейт да...Тобокел кылбасам болбойт...
Мекендештер менен таанышуу
20-ноябрь, 2003-жыл. Ленка Валтерованын берген картасы, түшүндүрмөсү менен "Азаттыкты" оңой эле таптым. Көп кабаттуу имарат көзүмө сүрдүү көрүндү, айланасында куралчан полицейлер.
Эмне кылсам?... "Азаттыкты" сыртынан көрдүм, эми ичине кирбесем болбойт. Бирок кантип? Башыма бир ой кылт дей түштү. Ал кезде "Азаттыкты" кээде гана, кокусунан угуп калаар элек. Ошондо бир ысым эсимде калыптыр. Аты атыма уйкаш. Полицей менен чех тилинде саламдашып, ак баракка "Нарын Айып, Кыргызстан" деп англис тилинде жазып карматтым.
Полицей болсо көпкө күлүп карап, паспортумду текшергенден кийин, рациядан "Азаттыктын" кыргыз кызматы менен байланышты. Кызыгы ошол күнү Нарын Айып ооруп калып, жумушта жок экен. Мен андай болсо башка кыргызстандыкты чакырып берүүнү полицейге эптеп түшүндүрдүм.
Арадан 3 мүнөт өтпөй өң-түсү мага окшогон бирөө чыгып келди. Алыстан эле саламын узатып, кучак жайып учураштык.
- Кайдан келдиңиз?
- Кыргызстандан, Баткенден.
- Мен да баткендикмин, Амирбек Азам уулумун. Бизнесменсиз го?
- Жок, жөнөкөй эле врачмын, бул жакка стажировкага келгениме 1 ай болду. Азыр бүтүп кеткени жатам, силерди бир көрүп кетейин деп тилегем кудайдан.
Атайын кызматтын текшерүүсү бүткөндөн кийин имараттын ичине кирдик.
- Жүрүңүз анда офиске. "Азаттыктан" кимдерди билесиз?
- Эч кимди, себеби бизде "Азаттык" тартпайт. Кээде гана, анча-мынча укпасак, Нарын Айып дегендин атын гана билем.
Жогорку кабатка көтөрүлдүк. Амирбек мени анда олтургандар менен четинен тааныштыра баштады: Бул биздин бөлүм, бул биздин башчыбыз Тынчтыкбек Чоротегин, бул Венера, бул Жаңыл Жусупжан.
Тынчтыкбек менен эски тааныштай кучак жайып көрүштүк, ал сөз тизгинин улады:
- Качан келдиңинз Чехияга? Бизнесменсиз го?
- Бизнесмен да, чоң да эмесмин, катардагы эле дарыгермин. Баткендеги Кан куйуу борборунун башчысымын, билимимди өркүндөтүү үчүн келгем.
- Ой тобоо! Ушинтип "Азаттыкка" келген катардагы дарыгерлерден биринчи сиз болдуңуз.
- Ооба, Прагага келгенде эле силерге жолугуп кетсем экен деп кудайдан тилегем.
Түз эфирден жолдонгон салам
Ал-жай сурашкандан кийин Тынчтык Жаңылга кайрылып: "Байкеге бир мүмкүнчүлүк берели, белегибиз болсун, атайы Баткенден бизди издеп келсе, түз эфирде өзүнүн оюн, саламын айтсын"-деп калды.
Түз эфирде мен чех элинин меймандостугун, адамгерчилигин, медицина тармагында жетишкен ийгиликтерин санап, элдин саламаттыгын сактоодо бул элден көп нерсени үйрөнүшүбүз зарыл экенин белгилеп, мага Чехияга барууга мүмкүнчүлүк түзүп берген "Сорос Кыргызстан" фондуна, Баткендеги Немис кызматташуу фондунун башчысы Геральд Гюнтерге ыраазычылык билдирдим. Анан албетте Кыргызстанга, Баткенге "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинен салам жолдодум.
Ошондогу "Азаттыктын" жамааты: Тынчтык, Амирбек, Венера, Жаңыл мага кылган ал белегиңер жүрөктө калды. Жаңы күч-дем берип, бир канча жылга жашартты, бүт өмүргө жете турган белек болду.
Анан да, биринчи кабатка алып барып, ресторанда сый тамак бердиңер… Амирбек менен Венера үйгө конокко чакырдыңар, бирок менин убактым тар болчу, бара албадым. Тынчтык мени Флоренс автобекетине чейин узатып барып, Болеславга кетчү автобуска салып койду.
Мезгил деген зымырап, учкан куштай өтө берди. 2004-жылы, май айында Тынчтык Баткенге келип, жогорку деңгээлде шерине өткөрдүңөр, ал кезде эл чочулап турчу, элде толук эркиндик жок болчу, бийлик коркконунан "Азаттыкты" өчүрүп койчу. Бүгүн "Азаттык" радиосу азаттыкка чыккан учур, Баткендин "Салам" радиосунан да жаңырып турат, ар бир берүүңөрдү мен эле эмес, Кыргызстандын, Баткендин ар бир жараны чыдамсыздык менен күтөт.
Бүгүнкү күндө Венера "Азаттыкты" жетектеп жатасың, сенин, Амирбек менен Жаңылдын үнүн укканымда териме батпай, толкунданып кетем. Катарыңарга баткендик Шайыр, Жеңиш аттуу жигиттер кошулуп, өсүп келүүдө. Силердин адамгерчилигиңерге, меймандостугуңарга, мыкты кесипкөй экениңерге таазим этем. Бар болгула!
Оболой бер "Азаттык"! "Азаттыктын" 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, "Бар болгула" демекчимин. Баткендин Айгүлүн чын дилимден сунам.
Айибхан Ахматов