Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

“Азаттык” – 60 сынагына катышыңыз


"Азаттыктын" Чаткалдагы окурманы жиберген сүрөт.
"Азаттыктын" Чаткалдагы окурманы жиберген сүрөт.
Урматтуу замандаштар!

“Азаттыктын” ушул жылдын март айында белгилене турган 60 жылдык мааракесин утурлай окурман/угармандар арасында атайын сынак жарыялайбыз. Интернет доорунда кең дүйнө алакандай аймакка айланып, байланыш каражаттары бардык элди, бардык континенттерди жакындатып аралаштырууда. Кайсыл жерде жашасаңыз да, бизге чакан блог – ой-санат, эркин пикир же күндөлүк байкоолордон бир ирмемди камтыган аңгеме, сүрөт (же сүрөттөр топтому) жана видео тасма жөнөтүңүз.

Сынактын баш темалары:

  • “Биздин замандын кишилери” – саясий, идеологиялык, экономикалык ж.б. чектөө жоюлган доордо ар ким колунан келген же көңүлүнө төп келген жашоо образын тандап, өз арбайын өзү согуп келатат. Улутчул, либерал, динчил, феминист, коммунист же жөн гана базарда соода кылып үй-бүлөсүн баккан замандашыбыздын бейнесин тарткан, өмүр максаты менен адамгерчилик касиеттерин аздыр-көптүр ачып берген сүрөт, же видеотасма жиберсеңиз, сайтыбызга жарыяланат. Эң башкысы: көркөм жана техникалык сапаты мыкты, аз да болсо өрнөгү бар мазмундуу сүрөт/видео болушу шарт.

  • “Биз жана Дүйнө” – сиз жашаган айыл же шаар болобу, Кыргызстандын же төгөрөктүн төрт бурчу болобу – ал жердеги азыркы жашоо өрнөгүн, өнүгүү белесин ачып берген материалдар кабыл алынат. Сүрөт же видео менен коштолгон материалдарга артыкчылык берилет. Сүрөт баян, же видеотасма болсо, ага кыска ачылыш сөз жазып коюу шарт.

Башкы байгелер: “Биздин замандын кишилери” - акыркы үлгүдөгү планшет компьютер “Биз жана Дүйнө” - электрондук букридер ыйгарылат. Андан башка да сыйлыктар бар. ни уткандарга акыркы үлгүдөгү планшет компьютер ыйгарылат. Андан башка да сыйлыктар бар. Бул сынакка 2013-жылдын 1-январынан тарта “Азаттыктын” интернет сайтына жарыяланган материалдар катышат. Материалдар апрелдин аягына дейре кабыл алынат. Бул даректерге: DjumataevaV@gmail.com; ashakeeva@gmail.com; shaiyrbek.kg@gmail.com, Altymyshova@gmail.com; webeditor@bureaumail.rferl.org жибериңиз.
XS
SM
MD
LG