Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Калыстыктан тайбагыла!


"Азаттыктын" 60 жылдыгына

Акыйкатта жалындап алоолонгон,
Чындыкка чок баскандай чырылдаган.
Көктү көк, акты ак деген берүүңөрдү,
Кулак төшөп, үн алгыдан күндө угам.

Тайбагыла так айткан калыстыктан,
Адилеттүү элиң айтат сөздү баккан.
Акты ак, караны кара деген,
Кабарыңды берип тур бүт ааламга.

Куттук айтам “Азаттыктын” жамаатына,
Куттуу болсун 60 жаш майрамыңар!
Куш конуп, булбул сайрап багыңарга,
Кудайым кубат берсин жаныңарга.

Кабарың берип тургун бүт ааламга,
“Азаттык” калыстыктан тайбагыла!

Бейше Табалдиев
Кыргыз Республикасынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү. 7-апрель элдик революциянын баатыры, 2-топтогу эмгек майыбы.

24-апрель, 2013-жыл
XS
SM
MD
LG