Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Ормон уулу: Азербайжан Кыргызстанга өтө керек


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Азербайжан башчысы Ильхам Алиев Бакудагы расмий жолугушуу учурунда, 30-март, 2012-жыл.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Азербайжан башчысы Ильхам Алиев Бакудагы расмий жолугушуу учурунда, 30-март, 2012-жыл.

Соңку кезде жандана баштаган Кыргызстан-Азербайжан кызматташтыгы жөнүндө “Сереп” аналитикалык борборунун эксперти, эл аралык мамилелер боюнча адис Искендер Ормон уулу ой бөлүштү.

- Акыркы мезгилде Кыргызстан Азербайжан менен болгон алакасын кыйла жакшыртты, жандантты. Эки өлкөнүн кызматташтыгына буга чейин маани берилбей келип, эми өзгөчө көңүл бурулуп жатканы эмнеден кабар берет?

- Бүгүнкү күнгө чейин эки өлкө ортосундагы мамиленин болбой келиши Кыргызстандын тышкы саясатты толук эркин жүргүзбөй келгенине байланыштуу. “Биз алар менен мамиле кылып калсак, тигилер кандай дейт, чоң байкелер эмне дейт” деген коркуу сезиминен болсо керек. Анан акыркы он жылдын ичиндеги эки чоң окуя кээ бир маселелерге ар тараптуу караганга түрткү берди болушу керек.

Мисалы, энергетика тармагында бир тараптуу эле болуп, диверсификациядан узак иш жүргүзгөнүбүздүн натыйжасында кээ бир ички жана тышкы саясатыбызда кыйын абалга түшүп калганыбыз бийликти ойлондурду го деп ойлойм.

- Кыргызстандын Азербайжан менен мамилесин жакшыртышын түрк дүйнөсүнөн таяныч издөө аракети катары баалоого болобу?

- Сөзсүз түрдө ушундай деп баалоого болот. Бул боюнча өтө эле конспирациялык, же жашыруун мүнөз чыгаруудан алыс болуу керек. Себеби бизди жалпы эле тышкы саясатыбыз, өлкөбүздүн кызыкчылыгы ушуга алып барып жатпайбы. Биздин энергетика тармагындагы байланыштарыбыз бир эле тараптуу болуп, монополдошкон мүнөзгө ээ болуп бара жаткан.

Кыргызстандын Орусияга байланыштуу кызыкчылыктары тогошуп калган учурда биз энергетиканы алып турган өлкөлөрдө эмнегедир баа кымбаттап кетет, же бургулоодо кыйынчылыктар болуп калат. Анан бизде баалар кымбаттай баштайт. Бул ички саясатка таасир берет. Ички саясаттын натыйжасында өлкөнүн кызыкчылыктарында кыйынчылыктар боло баштайт.

Бул дүйнөлүк практикада болгон нерсе. Ар бир өлкө өз кызыкчылыгы үчүн өзгөчө энергетика тармагын көп бутактандырыш керек. Муну диверцификациялоо деп коёбуз. Сөзсүз түрдө бул керек. Ошондуктан Азербайжан менен болгон байланыш өтө керектүү. Муну өтө эле акылдуу кадам деп ойлойм.

- Демек, Кыргызстандын тышкы саясаттагы багыты ар тараптуу боло баштадыбы?

- Ар тараптуу боло баштады. Биз тышкы саясат боюнча бул өлкө менен жакын болобузбу, же тиги өлкө мененби деп ойлонуп келебиз. Бир өлкөгө жакын болуу мүнөзүнөн алыстап, өзүбүзгө таандык принциптерибизге, кызыкчылыктарыбызга жакын болушубуз керек. Кызыкчылыктарыбыз каяка ыкташты талап кылса, ошону ачык, айкын жүргүзүшүбүз керек.

Маселе чоң өлкөлөрдүн бирине жакын болуп, экинчисинен алыс болуу эмес, бирине жакын болом деп сөз берип туруп, аны аткарбай коюуда болуп жатат. Биздин кызыкчылыктарыбызды толук, даана белгилесек, ошого жараша саясат жүргүзсөк эч кандай кыйынчылык туулбайт деген ойдомун.

- Күйүүчү май, газ маселесин Орусия, Өзбекстан Кыргызстанга басым көрсөтүүчү күч катары колдонгону айтылып жүрөт. Натыйжада Азербайжандын Кыргызстанга жардамы, анын ичинде мунай иштетүүчү ишкана ачуу, керек болсо ГЭС куруу аракети Орусияда кандай кабыл алынат болду экен?

- Албетте Орусия өзүнүн чоң кардары болгон, керектүү учурларда энергетика тармагы аркылуу ички саясатка таасир бере алган бир кыймылдаткычын коё бергиси келбейт. Бул ар бир өлкөгө мүнөздүү нерсе. Бирок биз Орусия эмне дейт дегенден мурда, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды кандай алып барабыз, биз өзүбүзгө эмне дейбиз деген түшүнүктү алдыга коюп, бул байланыштан эч кандай чоочулабоо керек.

Себеби бул дүйнөлүк практикада болуп келген нерсе. Ар бир өлкө өзүнүн энергетикалык, өзгөчө стратегиялык байланыштарын диверцификациялайт. Бул жерде ошол мүнөздө болуп жаткан иш. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле эки өлкөнүн кызыкчылыгынын гана тогошкону. Бирөө саткысы келип жатат, экинчиси алгысы келип жатат.

- Орусия тарабынан ар кандай басымдарды күтүүгө болобу?

- Кысым көрсөткөнгө аракет кылышы мүмкүн. Биз да ошого даяр болушубуз керек. Тышкы саясаттын усталыгы ушул жерден ортого чыгат. Бир жагынан саясат деген ушул да. Болбосо карапайым адам деле саясатты жүргүзө бербейби. Ошондуктан башкарууда жоопкерчилик болот.

- Азербайжан Кыргызстан менен кызматташуудан кандай пайда табат?

- Азербайжан тышкы саясатта көп мамлекеттер менен байланыш түзүп, активдүү саясат жүргүзүп жатат. Анан Орто Азия өлкөлөрү менен байланышы өтө аз. Бир гана Казакстандын мунай заты Азербайжан аркылуу өткөнү үчүн эки өлкө ортосунда байланыш болуп келет. Негизинен Азербайжан өзүнүн экономикасы өскөн сайын, кызыкчылыктарын, сатуу мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG