Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:09

Режис Жантэ: Геноцид дегенди абайлап айтыш керек


Ош шаарындагы атайын операциялардын биринен, 2010-жылдын 21-июну.
Ош шаарындагы атайын операциялардын биринен, 2010-жылдын 21-июну.

Былтыр Оштогу кандуу окуялар жөнүндө маалыматтарды дүйнөнүн чар тарабына Батыш журналисттери жеткирип турушту. Алар канчалык объективдүү, тигил же бул тарапка жан тартпай, эмоцияларга алдырбай чагылдырып жатышат, журналисттерге жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүшөбү деген суроо ошондо эле берилип келген.

Көз карандысыз журналист Режис Жантэ (Régis Genté) Франциянын ири басылмаларынын бири – “Фигаро” (Figaro) гезити жана Франциянын Эл аралык радиосунун (RFI) атайын кабарчысы болуп былтыр июнда Ошко жиберилген.

- Сиз Ошко барганда адегенде эле эмнелерди көрдүңүз? Алгачкы таасирлериңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Мен дүйшөмбү, 14-июнда кечинде, саат 5 чамаларда Ошко барып калдым. Ал күнү түштөн кийин зомбулук, талкалоо, талап-тоноолор же "погромдор" жаңы эле токтоптур.

Биринчи эле көргөн нерселер согушту эске салды: талкаланган, бүлүнгөн шаар, жолдордун ортосунда күйүп кеткен унаалардын темир-тезеги, текшерүү посттору, көчөлөрдү патрулдаган танктар менен БТРлер, посттордо бирин-экин кыргыз киши болбосо, эл көрүнгөн эмес.
Өрттөлгөн үйлөр жана запкы чеккендердин көбү өзбектер экенин мен өз көзүм менен көргөм.


- Чет өлкөлүк журналисттер көп беле?

- Мен дүйшөмбүнүн кечинде барганда журналисттер аз болчу, мен биринчилерден болсом керек. Анан шейшемби, шаршемби, бейшемби күндөрү келе башташты. Так айталбайт экем, 30 чакты кабарчы болсок керек.

- Кырдаал силер үчүн кооптуу беле?

- Ооба, кооптуу эле болгон. Өзгөчө алгачкы күндөрү бардыгынын үрөйү учуп турган кез болчу. Мисалы, шаардын кыргыздар жашаган бөлүгүнөн өзбектердин маалесине өтөйүн десең, аларды бөлгөн 200 метрди өтүш кооптуу болчу. Себеби ар бири өздөрүн коргоп жатышкан.

Кыргыз кварталынан кетип баратканда алдын ала "мен чыкканы жатам, атпагыла”, - деп эскертиш керек эле. Анан каршы тарапта мени тосуп алып, коопсуздугумду камсыздай турган бирөөнү табуу зарылчылыгы келип чыкчу.

Андан соң ого бетер кооптуу боло баштады. Себеби өзгөчө кыргыздар биздин окуяларды кантип чагылдырганыбызга өтө нааразы болуп жүрүштү. Эл кээде бир аз агрессивдүү болгонун сезип турдук.

Мен жеке башыман андай окуяларды өткөргөн жокмун, бирок кээ бир кесиптештерим ар кандай кыйынчылыктарга кабылышканын билем. Ошон үчүн өтө этият болууга туура келген.

- Окуяларды чагылдыруу жөнүндө айта турган болсок, сиз “тазалоо” жөнүндө айтканыңыз бар...

- Жок, мен эч качан ал сөздү колдонгон эмесмин. Мен талкалоо же "погром" жөнүндө гана сөз кылгам. Мен дайыма ошол сөздү, же улуттар аралык кагылышуу деп айтып жүрдүм.

- Мен былтыркы репортаждарыңарды кайрадан угуп чыктым, сиз “тазалоо” деген сөздү “зачистка” деген мааниде колдонуптурсуз.

- Ооба, бирок ал бөлөк нерсе. Ал милициянын атайын операциялары жөнүндө болчу. Алар өздөрү да “зачистка” деген сөздү айтып жүрүштү. Тартип коргоочулардын айтымында, террорчулар, курал-жарагы бар адамдарды издеп табуу үчүн текшерүү рейддерин жүргүзүп турушкан. Андай операциялар деген дээрлик бир жумадан кийин башталган.
Өзгөчө кыргыздар биздин окуяларды кантип чагылдырганыбызга өтө нааразы болуп жүрүштү. Эл кээде бир аз агрессивдүү болгонун сезип турдук.


- Балким сиздердин радионун башка кабарчысы жазгандыр, бирок “этникалык тазалоо” деген сөздөр бар экен.

- Мен эч качан бул сөздү колдонгон эмесмин. Франциянын Эл аралык радиосунан эки кабарчы барган. Балким экинчиси "этникалык тазалоо" деп айткандыр, чынын айтсам, эсимде жок, бирок мен эмес.

- Жеке сизде этникалык тазалоо жүрүп жатат деген сезим пайда болду беле?

- Мен эмне болгонун учкай айта кетейин, сөздөрүмдү жакшылап жеткирүүңүздү өтүнөм. Себеби бул – абдан маанилүү.

Мен “погром” деп айтып жүрдүм. Орусиянын тарыхын, революцияны эстесек, 1905-1906-жылдары биринчи "погромдор" болгон, бул сөз ошол окуялардан башат алып, ошентип эле айтылып жүрөт. Анын саясий өңүтү да бар, "погромдорго" полиция да аралашкан. Кыскасы, Ошто кандайдыр бир окшоштуктар бар эле.

Анан биз, чет өлкөлүк журналисттер, маалымат жыйындарында же кечинде жумуштан кийин жолугушуп калганда өз арабызда кээде бул маселени талкуулап калчубуз. Кайсы сөздү пайдаланыш керектигин талашып-тартышканыбыз эсимде.

Мен эч качан “геноцид”, “этникалык тазалоо” деген сөздөрдү колдонгон эмесмин. Себеби мен бул - анча жакшы эмес деген ойду карманып келгем.

- Кечиресиз, жакшы эмес сөзбү же чындыкка дал келбеген сөз беле?

- Бул туура эмес сөз болуп калат эле. Бул сөз - чындыкты чагылдырат деп кесе айта албайт элем. Мен бир топ улуттар аралык проблемалары бар Грузияда иштегем. "Тукум курут", же "этникалык тазалоо" деген сөздөрдү оңго-солго айтпаш керектигин жакшы билип калгам. Антиш үчүн көпчүлүк учурда атайын иликтөө керек.

Грузиядагы согуш маалында президент Михаил Саакашвилинин "этникалык тазалоо" деп айтканы бар. Мен "Хьюман Райтс Уотч" уюмундагы бул маселелер боюнча адис досторума телефон чалып: “журналист катары эмне кылышым керек?” – деп сурадым. “Президент мына ушинтип айтты деп айта берсем болобу?” деп сурагам. Алар "этникалык тазалоо жөнүндө айтууга эрте, себеби анын бир катар шарттары болот”, - дешти. Ошондо мен ал сөздү колдонгон эмесмин, былтыр Ошко барганда ошол окуяны эсимде тутуп жүрдүм.

Дагы бир нерсени белгилей кетет элем: Батыш маалымат каражаттарынын терс жактары менен катар оң жактары да бар. Милициянын мен жогоруда айткан ырааттуу операциялары ар дайым өзбектерге каршы багытталганы жашыруун эмес. Өрттөлгөн үйлөр жана запкы чеккендердин көбү өзбектер экенин мен өз көзүм менен көргөм. Бир катар отчеттордо да ушундай эле айтылган. Демек мен жаңылышкан эмесмин.
"Тукум курут", же "этникалык тазалоо" деген сөздөрдү оңго-солго айтпаш керектигин жакшы билип калгам.


Кыргыздардын кварталдары толугу менен өрттөлүп жибергенин көргөн жокмун, бирин-серин үйлөр болбосо, толугу менен бир район жабыркаганын көргөн эмесмин. Мен ошондо милициянын операциялары бир аз кооптонууну туудуруп атат деп айтсам, мен жазган маалымат каражаттарынан “этникалык тазалоо” деп айтпаш керек деген көрсөтмө түштү. Ошентип репортаждарымда “улуттар аралык жаңжал”, “погром” деп айтып жүрдүм.

Эч качан “Фигаро” гезити же Франциянын Эл аралык радиосу мага бул сөздөрдү колдонууга уруксат берген эмес. Менин андай ниетим деле жок болчу. Бирок эч качан мындай сөздү менин макалаларымда жолуктурбайсыңар.

- Демек андай сөздөрдү абайлап колдонуш керек?

- Албетте.

- Сиз кыргыз, өзбек деп айттыңыз. Маселен, жада калса башка аймактардагы кыргыздардын көптөрү Оштогу кыргыздар менен өзбектерди ажыратып, так айта албайт. Батыш журналисттери кантип айырмалап жүрүштү эле?

- Биз көп кишилер менен иштеп, алардан сурап-тактап жүрдүк. “Бул ким? Бул үй кимдики?” деп үч, төрт, беш жолудан улам-улам сурап тактап жаттык. Анан ал окуяларга чейин мендей болуп Ошко 20-30 жолудан барып иштеген журналисттердин бир топ таааныштары болгон.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG