Бул оюн менен чек аранын жанындагы 23 мектепте жана жамаатта ЮНИСЕФтин демилгеси боюнча өтө турган футболдук матчтардын сериясы башталды. Оюндарга Кыргызстандан жана Тажикстандан 1500дөн ашуун бала жана өспүрүмдөр катышты. Сүрөттөрдү ЮНИСЕФ уюмунун кызматкерлери тартты.
Тынчтыкты бекемдеген жолдоштук матч
20-майда Баткен облусунун Арка айылында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандын жана Тажикстандын Футбол федерациялары менен биргеликте эки өлкөнүн балдарынын катышуусунда жолдоштук матч өткөрдү.

1
Кыргызстанда спорттун уникалдуу күчү аркылуу коомчулуктун көңүлүн балдар укуктарын коргоо маселесине буруу үчүн ЮНИСЕФ жана Футбол федерациясы өз аракеттерин бириктиришүүдө.

2
Оюнга Эл аралык Футбол федерациясынын (FIFA) судьясы Бахадыр Кочкаров калыстык кылды.

3
Иш-чаралар туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетүү үчүн чек аралар аралык кызматташтык боюнча программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.

4
БУУнун Тынчтык куруу фонду жана Швейцария элчилиги каржылаган программаны ЮНИСЕФ жана БУУнун Кыргызстан менен Тажикстандагы башка агенттиктери ишке ашырып келишет.

5
Жолдоштук матчтар спорт аркылуу жамааттар ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө максатын көздөйт.

6

7

8

9
“Көпчүлүк өлкөлөрдө футбол мектептеринин кире беришинде “Футболдогу кесипкөйлүк сени дүйнөгө таанытат!” деген ураан жазылып турат. Кесипкөйлүктүн маанилүү бөлүгү – бул кызматташа алуу, башкаларды уга билүү жана сабырдуу болуу. Эгерде биз балдарды ушуга бала чагынан эле үйрөтө алсак, анда келечегибиз үчүн тынчсызданууга негиз болбойт”, - деп айтты Бахадыр Кочкаров.

10
Оюндун соңунда балдарга белектер тапшырылды.