Бишкекте 1464 килограммдык бешбармак жасалды
Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалган бешбармак 1 тонна 464 килограмм, ал эми чучук 117 метр болду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Элнура Кулуева “Азаттык" радиосуна билдирди. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылды. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган. Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана “Аю Гранд Комфорт” фирмасы менен чогуу уюштурду.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 31, 2025"Тазалыктагы" кырсык: Эки кишинин сөөгү табылды, үчүнчүсү изделүүдө
-
Декабрь 31, 20252026-жылы эмнени кыялданасыз?
-
Декабрь 23, 2025"Манас" аэропортунда кыйналган жүргүнчүлөр
-
Декабрь 23, 2025"Чет элдик студенттерди тартуу үчүн элди тарбиялайлы"
-
Декабрь 16, 2025Cириядан кайткандар жай турмушка кантип көнөт?
-
Декабрь 13, 2025Медакадемиянын проректору аялын урду деген шек менен кармалды