Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Жапониядагыдай жашоо болсо...


Жолдош Жалил уулу Жапонияда
Жолдош Жалил уулу Жапонияда

Жайкы эс алууда бир туугандарымдын чакыруусу менен Жапонияга жөнөп калдым. Учакта 10 саатка жакын жол жүрүп Осака аймагындагы "Кансай" эл аралык аэропортуна кондук. Жайдын акыркы айы болгонуна карабай абасы ысык жана нымдуулук жогору экени байкалды. Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей аэропорттон эле жергиликтүү эл тазалык менен тыкандыкты сүйөөрү, тейлөөсү мыкты экени көрүнүп турат. "Кансай" аба майданы деңиздин үстүнө курулуптур. Шаардагы элдин тынчтыгы менен коопсуздугун эске алуу менен бирге жерди үнөмдөө максатында адистер ушундай чечимге келиптир. Курулуш иштери деле көпкө созулбаганын айтышты, деңизди толтуруу, керектүү жабдууларды орнотуу жана жакынкы шаар менен байланыштырган 3 чакырым көпүрө курууга болгону 7 жыл кетиптир. Аэропорт ишке киргенден бир жылдан кийин (1995-ж.) күчү 7 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, шаардагы жүздөгөн имараттар кыйрап, бирок аэропорт суунун ортосунда турганына карабай эч нерсе болбоптур.

Наранын символу - эликтер

Жапониянын биринчи борбор калаасы - Нара шаары өзгөчө таасир калтырды. Шаарда тарыхый, маданий архитектуралык жайлар азыркыга чейин илгерки калыбында сакталып турат. 9-10-кылымдарга таандык сепилдер, буддалардын сөлөкөттөрү азыркыга чейин бар экен. Шаардын туристтерди кызыктырган дагы бир баалуулугу - эликтер аябагандай көп жана алар ээн-эркин эл менен аралашып жүрө беришет. Байыркы баалуулукту мындан ары дагы сактоо үчүн Нарада 4 кабаттан бийик имарат салууга тыюу салыныптыр.

Экинчи борбор - Киото

Жапониянын экинчи борбору - Киото сепилканалар жана башка сыйынуу жайлардын көптүгү менен өзгөчөлөнөт. Баарынан "Алтын храмды" көрүүнү жана "Таза булак" деп аталган жерге барууну каалагандардын саны көп.

Кийинки сапар Кобеге болду. Бул шаар деңиз менен чектешкендиктен чет өлкөлөргө ар кандай жүк ушул жерден жөнөтүлөт экен. Бул аймакта дагы жапондор күжүрмөн эмгеги менен деңизди толтуруп жасалма арал куруп, аны шаарга айлантыптыр.

Калкы жыш Осака

Жапондор жумушту биринчи орунга коюп, катуу иштегени Осакада көбүрөөк байкалат. Баары бир нерсе менен алек, же кайдадыр шашып бара жатат, ал эми эс алуу күндөрү убактыларын текке кетирбей паркка же тоого чыгып эс алышат.

Бул шаардан асман тиреген көп кабаттуу имараттардын жанына чатыр тигип алып жашаган селсаяктарды жолуктурдум. Өнүгүүнүн эң жогорку чегине жеткен бай мамлекетте мындайларды көрүү өөн учурады, негизи булар жакырчылыктан эмес, башка себептерден улам ушундай жай турмушту тандап алгандай. Сураштырсам жакшы жашоодон безе качкандарды, эмне болсоң ошо бол дебестен мамлекет колдоп, жөлөкпул төлөйт экен.

Токиого карай

Токио дүйнөдөгү эң кымбат деген төрт шаардын бири дегендей, чындыгында кымбат экен. Ага кошумча ар бир сатып алган буюм же тамак-аш үчүн 8 пайыз салык кошулат (салык бардык аймактарда бирдей), бирок ага жараша айлык маяна дагы жогору. Токио башка шаарлардан айырмаланып, алдаганча алдыга кетиптир, айнек менен капталган асман тиреген имараттар көз жоосун алат.

Skytree деп аталган бийиктиги 634 метр мунарага чыгуу үчүн миңдеген туристтер атайын келээрин айтышты, ага чыксаңыз Токио алаканга салгандай эле көрүнөт экен, ошондой эле айтылуу Фудзияма дагы көрүнөт. Жер алдында 5-6 катар метродо, үстүндө 3-4 катар жолдо жүрүүгө болот, андыктан бул шаарда 13 жарым миллион киши жашаганына карабай унаа тыгыны жокко эсе.

Өзгөчө тейлөө

Жапонияга келген башка конокторго деле биринчи кезекте бул жактагы тейлөө, андагы сылык мамиле жакса керек. Сатуучулар эч качан отуруп албайт жана кардарга ар дайым ийилип турат. Токиодо билинбей туруп жаан жаап жибермейи бар экен, бир күнү иним Акыл экөөбүз жаанда калып, кийим саткан дүкөнгө кире качтык. Мен андан суу болуп кирсек булар жаман көрбөйбү десем: "жок, рахмат айтышат", - деди. Чын эле сатуучу кыздар "киргениңиздерге чоң рахмат" деп жарыша кыйкыра баштады. Тамактануучу жайларда официанттар чөгөлөй калып заказ алышат, ал эми май куйуучу бекеттерде май куюп бүткөн соң айнектерди тазалап берип, анан "унааңыздын ичинде таштанды жок беле?" - деп сураганы таң калтырды.

Бардыгына эшик ачык

Шаарда императордун хан сарайы жайгашып, анын айланасын чоң суу каптап турганы көрүнөт. Жылына эки жолу тургундарга эшик ачылып, император жана анын үй-бүлөсү менен жолугууга шарт түзүлөрүн айтышты. Ал эми парламентке, мэрияга, мамлекеттик телеканалдарга саякаттаганы кирүүгө бардык учурда каалочулар үчүн эшик ачык.

Парламенттин жыйындар залындагы өзгөчөлүк - депутаттардын алдында ноутбук же башка каражаттар жок болгондуктан, алардын башка майда баратка алагды болбой турганы байкалат. Шаардык мэриянын 45-кабатында тамактанып, айланага көз жүгүртүүгө шарт түзүлүптүр.

"Өкмөт башчы кетсин!"

Бир күнү Токионун Эйтай деген көчөсүндө капыстан жөө жүрүшкө чыккандарга кабылып калдык. Алар "өкмөт башчы кетсин" деген ураан менен жөө жүрүш жасап баратыптыр...

Аларды көрүп, биздин экономикалык, социалдык абалыбыз ушулардыкындай болсо, паракорлук деген түшүнүк жок болсо, бирөөнү кетсин деп таптакыр көчөгө чыкпайт элек деген ойдо калдым...

Жолдош ЖАЛИЛ уулу, журналист

XS
SM
MD
LG