Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Өлкөнү өнүктүрүүнү өзүңдөн башта


Урматтуу кыргыз элим жана мекендештерим. Мен бүгүн сиздерге адаттагыдай расмий түрдө эмес, тууганча кайрылгым келип турат (Атамбаевдин “тууганча” кайрылып жүргөнүнөн айттым). Алгач баарыңарды бүгүнкү 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мен Кыргыз Республикасынын президенти катары мурунку кайрылууларымда айтып жүргөндөй, кыска убакытта өлкөнүн экономикасын көтөрөм; айлыктарды, пенсия жана жөлөкпулдарды жогорулатам, мамлекеттин ички жана тышкы саясатын стабилдештирем; оппозиция менен чогуу иш алып барам; мамлекеттик тилдин макамын көтөрөм; улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, кыргыздардын аймак-аймакка бөлүнүүсүнө жол бербейм; баш калаабыз Бишкектин инфратүзүмүн оңдойм; паракорчулукту жана коррупцияны жоём, Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдардын иштөөсүн көзөмөлдөйм, тышкы миграцияны жоюп, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө шарт түзөм; сот системасын жакшыртам; чек араны тактап, кошуналар менен биримдикте жашоого кепилдик берем – деген убадаларды берип, келерки жыл үчүн кабыл ала турган жаңы долбоорлорду же жасала турган иштерди айткым келбей турат.

Анткени мен бүгүн сиздерге тууганча кайрылгым келип жатат. Мен үнүмдү, сөзүмдү калайык калың журттун баарына, билимдүүгө да, билимсизге да, байына да, кедейине да, депутатка да, шайлоочуга да, чиновнигине, чабанына да бирдей жеткиргим келүүдө. Тууганча дегеним мындай: мен силердин, өлкөбүздүн президентимин; бирок мен башка жерден келген жокмун, силердин эле араңардан чыккам. Силерге окшоп билим алгам, кара жумушта иштегем, социалдык маселелеримди чечүүдө тиешелүү кызматкерлердин запкысына учурагам. Оппозицияда жүрүп өлкөдөн куулгам, байлыгымдан ажырагам, жакындарыма кол салынган. Мына эми мен “президентмин”. Мына мен көксөгөнүмө жетип, бардык буга чейин ойлоп жүргөн маселелерди, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечем деп үмүттөнгөм. Көрсө мен жаңылыптырмын. Мен муну бир президенттин өмүр баянын окуп айтып жаткан жерим жок. Мен муну өзүмдүн керт башымдан өткөргөндүктөн айтып жатам. Мына биз баарыбыз балдарыбызды “президент, депутат” болсо экен деп тилейбиз. Мен силерге айтып коёюн, өлкөнүн президенти болуу менен адам ал элдин жашоосун толук оңдой албайт экен же өзү чексиз бактылуу боло албайт экен. Бул туура эмес тилек. Биздин эң негизги көйгөйүбүз – КАЙДЫГЕРЛИК менен ӨЗҮМЧҮЛДҮК.

Ал эми бул көйгөйдү чечүү үчүн, өлкөнү өнүктүргүсү келген президентке эл жардам бериш керек. “Эл” деп мен кимди айтып жатам. “Эл” деген бул балдарыбызды тарбиялаган мугалимдер жана тарбиячылар, уул-кыздарын чоңоюп-өстүргөн ата-энелер. Эмнеге силер? Эмнеге бийлик башында отурган чиновниктер эмес, капчыгы калың ишкерлер эмес, билеги күчтүү криминал төбөлдөр эмес, билими күчтүү академик-аксакалдар эмес. Силер! Бир гана силер. Анткени келечекти оңдой турган балдарды силер тарбиялап жатасыңар. СҮТҮ КАНДАЙ БОЛСО КАЙМАГЫ ДА ОШОНДОЙ БОЛОТ.

Мындай улуу сөз бар: “БИР ӨЛКӨНҮН ЖАШТАРЫ ЫЙМАНДУУ ЖАНА БИЛИМДҮҮ БОЛСО ДЕМЕК, АЛ ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ БАР”. Биз балдарыбызды, жаштарыбызды билимдүү жана ыймандуу кылып тарбияласак, эртеби-кечпи алар биздин ордубузга келет. Ошондо алар бекем ыйманы, мыкты билими менен өлкөбүздү өнүктүрөт. Мына биз, мен жана менин командам өнүгүү үчүн мыкты программаларды кабыл алсак да, аларды ырааты менен аткара турган адистер жок, болсо да “адамдар” жок. Бизге адамдык ресурс жетишпей жатат. Бизге адептүү адам жетишпей жатат. Бардык улуу державаларды, алсак, Кыргыз каганатын, Осмон империясын, мусулмандардын тээ баштапкы халифатын, орто кылымдагы Европаны АДЕПСИЗДИК, КАЙДЫГЕРЛИК, ӨЗҮМЧҮЛДҮК кулаткан. Мына азыр биздин өнүгүүбүздү каалабаган күчтөр биздин билим берүү системабызга аралашып, билимибизди төмөндөтүүдө. Ар кыл жаман иштер менен жаштарыбызды бузууда. Анан ал жаштар бийликке келет. Андай жаштарды болсо башкаруу, сатып алуу оңой болот.

Демек, бизге ыйманы бекем, билими кенен адамдар керек. Ыйман жана билим биз үчүн куштун эки канатындай. Анткени ыйманы бар ынсабын билет, билими бар иштин көзүн билет. КАДРЛАР БАРДЫГЫН ЧЕЧЕТ. Бүгүнкү биздин маселебизди чече турган кадрда ушул эки сапат болуш керек. Мына биз Конституциябызды көп жолу өзгөрттүк, парламенттик республика болдук, бирибизден-бирибиз ашып президент болдук, эң сонун мыйзамдарды кабыл алдык. Жок. Бизге булар эмес. Бизге бар мыйзамыбызды аткара турган, бар кен байлыктарыбызды иштете турган, колдогу ресурстарды колдонгонду биле турган кыскасы, бар мүмкүнчүлүгүбүздү эле ишке ашыра турган кишилер керек. Күнөө мыйзамда эмес же Конституцияда эмес, сырткы күчтө эмес. Күнөө мына бизде. Бардыгы өзүбүздүн колубузда. Жакшы бир макал бар: “Балаңды мындай же тигиндей бол деп тарбиялабай эле кой, ал баары бир сени тартат”, – деген. Биз, өзгөчө чиновниктер коррупцияга жол бербейбиз дейбиз. Бирок уулубузду окууга өткөрүү үчүн ректорго чалабыз. Аны уулубуз эртели-кеч билип алат. Уулубузга тамеки тарпа дейбиз, бирок өзүбүз тартабыз. Баарыбыз кыргыз тилин өнүктүрөлү дейбиз, бирок орус мектептерге беребиз. Булар жашообуздагы абдан жөнөкөй мисалдар. Анан кантип уулубузга биздин тишибиз өтөт. Кантип өлкөнү өнүктүрөбүз. Бала көргөнүн кылат, туугандар!

Албетте, бардыгыңардын менде “татыктуу жашоону камсыз кыл” – деген талабыңар бар. Ооба, силер аны талап кылганга укуктуусуңар. Бирок ал жашоону менден талап кылуу менен чогуу балдарыңарга үйрөткүлө. Анан алар силер карыганда силерди бейпилдикке бөлөйт.

Мына мен силерге жашообуздан алынган абдан жөнөкөй мисалды келтирейин. Коррупцияны жойдук дейли, мыкты программа иштелди дейли. Мисалы, жол эрежесин бузуп кармалдыңыз, 500 сомго айыпка жыгылдыңыз. Сиз маичиге: “андан көрө өзүңүзгө 200 сом берейин”, – деп, ал да макул болуп, башкача айтканда экөөң биригип алып: “эми бул болбогон эле, кичинекей эле нерсе, 500 000 долларлык иш беле”, – деген шылтоо-ой менен ишти бүтүрдүңөр. Анан экөөң мага келип алып, бирөөң айлыкты көбөйт, бирөөң жашоону жакшырт деп талап коёсуңар. Же чоң коррупционерди камадык дейли, анан: “биздин жигит, биздин айылдын жигити”, – деп ал соттолгондун ишине карабай мага жабыласыңар. Анан биз кантип өнүгөбүз. Ошондуктан мен силерден “болбогон тууганчылдыгыңарды” таштап, өзүмчүл болбооңорду; коомдогу туура эмес иштерге кайдыгер карабооңорду; мыкты мыйзамдарды аткарбай адепсиздикке барбооңорду суранат элем.

Баарыбыз эле ата-бабаларыбыздын кандай кыйын экенин, кыйын кезеңдерден кантип чыкканын айта беребиз, аны менен мактана беребиз, “улуу элбиз” дейбиз. Азырчы? Азыр биз кимбиз? Ошол улуу элди мына биз бузуп жатабыз, курутуп жатабыз. Албетте, ата-бабаларыбыз акылман, намыскөй болушкан. Бизчи? Биз алардын жакшы жактарын айтууну токтотолу! Биз алардай болууга умтулалы!

Ардактуу элим! Мен силерге өлкөбүзгө чоң инвестициядан, мыкты мыйзамдан сырткары эң эле керек болуп жаткан жана жетишсиз болгон – адамдык ресурс экенин айттым. Ал силердин колуңарда. Бизге татыктуу тарбия, мыкты билим алган АДАМ керек. Мына ошолорду батыраак өстүргүлөчү. Алар гана бизди бутубуздан тургузат.

Мен таза, билимдүү, ыймандуу жигит болуп өссөм, өзүмдөй аял алсам. Анан таза, билимдүү, ыймандуу балдарды чоңойтсом. Жана ошондой досторду күтүп, коомдо мындай адамдардын санын арттырсам. Анан коом оңолсо, эл оңолот. Баары оңолот.

Бизде: “Заманың бөрү болсо, бөрү бол”, – деген сөз бар. Мен бөрү болсом, сен бөрү болсоң жалаң бөрүлөр жыйылып алып, бири-бирибизди жеп жоготобузбу. Лениндин: “Коомдо жашап туруп, коомдон чыга албайсың”, – дегени да такыр акылга сыйбайт. Айланайындар! Коомду мен түзүп жатсам, кантип коомдон чыга албайм. Исхак Раззаковдун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң коом таза болот”, – деген сөзү бар. Мага билимдүү, адептүү коом керек. Демек, мен өлкөмдү өнүктүрүү үчүн өзүмдөн гана башташым керек. Мага өнүккөн өлкө жана таза коом керек. Өз тагдырым өзүмдүн колумда. Демек, бул үчүн мен таза, эмгекчил президент болуп иштейин жана силер мени ээрчигиле, колдогула. Мага ишенгиле. Мен сиздерге ушуну гана сунуштай алам. Бул нерсе гана бизди келечекке алып барат! Аман болуңуздар!

Жаныбек Абидетегин

XS
SM
MD
LG