Студенттик жашоону өткөрүп жатканыма төртүнчү жылга аяк таштады. Чындап эле сиздердин «Жашооң кандай студент?» деген сурооңуздар мени төмөндөгүдөй ойлорго салды: «Студенттик жашоомду» кандай жагдайда өткөрүп жатам? Анын белгилүү мөөнөтүндө мен эмнеге жеттим? Эмнени жоготтум? Ошол жетишкендиктерим мени эмнеге алып бара жатат? Бул суроолорду тереңден ойлоп, анализ жүргүздүм десем жаңылышпайм.
Орто мектепти аяктап, алгач ЖОЖдун босогосун аттаганымда, КМУнун жаш психологу Жазгүл Кеңешбекованын «Студенттик жашоого кош келиңиздер! Мен билем, дээрлик бардыгыңыздар күлгүн көз айнек тагынып келдиңиздер, ошол көз айнек аркылуу көргөн келечегиңердин максаты орундалсын!» - деп айтканы эсимде. Ооба мен жаңы окуумду аяктаганда, алдыма тоодой бийик максаттарды коюп, жаркын келечекти элестетип, үмүттүн шоолаларына бөлөнүп, чоң дем менен ЖОЖго келгенимди жакшы билем. Дал ушул мотивация менин ишке ашырып келе жаткан иш-аракеттеримдин негизи болгонун жашырбайм. Анда мен темадан алыстабай, сиздердин талапка ылайык, ушул 2013-2014-окуу жылымдын негизги урунттуу учурларын түзгөн баяндамама кезек берейин.
2013-жылдын, 2-сентябрынын эрте таңында туруп, таңкы тамагымдын алдында - бул окуу жылымды да ийгиликке, жалаң гана жакшылыкка толтур, ак жол бер!- деп жакшы тилектеримди Жараткандан тиледим.
Мындай тилек менин ар таңымды коштойт. Ойлор иш-аракеттин негизги жетектөөчүсү, башкаруучусу деп психология илиминде айтылгандай, дайыма жакшы ойду ойлоого, ниеттенүүгө өзүмдү тарбиялайм. Мына ошентип менин аруу кыялдарга жетеленген төртүнчү студенттик окуу жылым башталды. Кесибим боюнча англис тилчи болгондуктан Америка элчилиги негиздеген Америка борбору жана Тынчтык борбору менен тыгыз иштешип келем. Бул окуу жылында дагы сабактан тышкары америкалык ыктыярчылар менен бирдикте ар кыл иш-чараларды ишке ашырууга кириштик. Жумасына эки ирет Америка борборунда студенттер үчүн бекер дискуссия жана TOEFL (англис тилинин экзамени) клубун профессор Крейн менен бирдикте өткөрүп жаттым. Мени октябрь айында Крейн мырза Англис тилчилердин ассоциациясына чакырды. Ошентип, бир айда эки жолу ишемби күндөрү педагогикалык чеберчилигимди өнүктүрүү боюнча эки саатык машыгууларга бара баштадым. Менин экинчи машыгуу күнүмдө YAF (Жаштар кыймылын колдоо) уюмунун мүчөсү менен таанышып калдым. Ал мага биргелешип, окуучулар учун автордук долбоорун ишке ашырууну сунуштады. Бул сунушка дароо макулдугумду берип, Тогуз-Торо районундагы 13 мектептин окуучулары үчүн англис тилинен конкурс өткөрүү максатын койдук. Тез эле ноябрь айы келди. Бул айдын мен өзгөчө күткөн күнү - Илим күнү. Бул окуу жылында дагы илимий макаламды жазып, КМУда өткөн конференцияда жактадым. Ийгиликтүү макалам ар кыл окумуштуулар кеңешинин макалалары бириктирилген “Жарнама” (Вестник) аттуу жыйнакка басылып чыкты. Мына ошентип декабрь айы келди. Кенжекан Султанбаева болуп, Тогуз-Торого окуучуларды биздин долбоор менен тааныштырууга бардык. Мен ал жактан ушунчалык акылы зирек балдарды көрүп, бир чети кубансам, экинчи чети алар окуган мектеп шарттарынын жетишсиздигин көрүп ичимден сызып алдым. Ал жакта жүргөнүмдө ПЕПФАР программасына чакыруу алдым. Ошентип декабрь айында 3 күндүк ушул долбоорго катыштым. Кышкы сессиямды декабрь айынын 28де эң мыкты бааларга бүтүрдүм.
Ал эми январь айы эки долбоорду жазуум менен жана ата-энемдин, досторумдун жанында өттү. Ошентип февраль айы тез эле кирип келди. Бул жолу бир жарым айлык педагогикалык практикага шаарыбыздын №37 мектеп гимназиясына бөлүндүм. Ал жактан 11-класстарга англис тилинен сабак бердим.
Окуучуларымдын мыкты билим деңгээли жүрөгүмдү элжиретти. Алар менен болгон таттуу мамилем, ийгиликтүү практикам менин өз кесибимди чындап сүйөөрүмдү дагы бир жолу далилдеди. Практика учурунда окуучуларыма жаратылышты коргоо боюнча семинар өткөрүп, АКШнын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчилиги жана Америка борборунун координатору тарабынан 120 адабий китеп жана заманбап журналдарды, ошондой эле аудио-видео материалдарды алып, анын үчтөн бир бөлүгүн ушул окуучуларыма бөлүп бердим. Менин өзгөчө эсимде калган практикадагы учур - бул окуучуларымдын улуу жазуучу Шекспирдин «Ромео жана Джулетта» драмасын ушунчалык мыкты деңгээлде өздөрүнүн мектебинде аткарып бергендери болду. Бул көрүнүш алардын руханий байлыктарынын өнүгүп жатканын далилдеп турду.
Март айынын башында Военно - Антоновка балдар үйүнө группалаш кыздарым менен барып кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдүк. Интернеттен «Кыялымда Кыргызстан - Өлкөнүн Өнүгүү Модели» аттуу долбоорго «Адам уулу канткенде адам болот?» аттуу автордук өтүнмөмдү жөнөттүм. Нооруз күнү базарга барып, роза, жоогазын гүлдөрүнүн, жүзүм жана өрүктүн көчөттөрүн алып келип, бакчама отургуздум. Жаз келгени кечинде сабактан келген соң бакчама көңүл бөлүп, эс алуу да студенттик жашоомдун бир бөлүгү болуп калды десем болот.
Ошентип тез эле апрель айын тосуп алдым. Бул айда «Кыялымда Кыргызстан- Өлкөнүн Өнүгүү Модели» долбоорунун алгачкы турунан өткөндүгүмдү маалымдашты. «Ачылыш чеги» атуу беш кыздан турган тобум менен барып, теле - долбоорго катыштык. Алгачкы 3 команда оюнчулардын ичинен 2-орун болуп, калыстар тарабынан бааландык. Бирок финалга жолдомо ала албадык. Бул жолу жеңишке ээ боло албадык. Ошентип, май айы – майрамдарга бай айы экендигинен пайдаланып, Тогуз - Тородо окуучуларга арналган долбоорубузду 5 күн аралыгында ийгиликтүү аяктадык. Ушул эле айда эл аралык WLP (Аялдарды окутуу кызматташтыгы) программасынын 3 күндүк окутуусуна катыштым. Мен күткөн 24-май да келди, себеби бул күнү Англис Тилчилер Форум Ассоциациясынын салтанаттуу иш-чарасы бардык жаңы мүчөлөрүнө чет тилинин педагогикалык чеберчилигинин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнүн аземин өткөрмөк. Мен да бул уюмдун мүчөсү катары барып, абдан жакшы таасирлерге бөлөнүп келдим.
Мына, Аллахтан жакшы ниетим менен тосуп алган окуу жылым ушундайча өтүп бара жатат. Азыр экзамендеримди ийгиликтүү тапшырып жатам. Бул окуу жылга кайрылып, эмнелерди жасап жетишпей калдым деп көз жүгүртсөм, бир да жолу кинотеатрга, музей, галереяга барбаптырмын. Болгону эки жолу гана Опера-балет театрында болгон “Дон Кихот” анан “Щелкунчикке” бардым. Бул албетте же акчам болсо убактым жок, же тескерисинче деген себептен улам экенин жакшы билем. Анткен менен аздыр-көптүр ийгиликтин жолу ушундай эмеспи. Бирок баарынан да мени ар дайым колдогон ата-энемдин, билим кенчине ыйгарган мугалимдеримдин, жалаң гана жакшы жашоо мүнөзүнө ээ, келечектен көптү үмүттөндүргөн досторумдун бар экенине ыраазымын. Ошол себептен Тереза Эне айткандай, жашоонун мага берген ар бир мүнөтүн туура баалап, мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, сүйүүсүнөн рахат алып, ырын ырдап, оордугун көтөрө билип, ийгилигине жетүүгө өзүмдү өзүм тарбиялап келем. Устатым Жазгүл Кеңешбекова айткандай, күлгүн көз айнегимди эч чечпестен, алдыма жакшы максаттарды коюп, ден соолугу чың жана гумандуу болуп, терең билим алууну анан да өз мекенимдин өнүгүшүнө чоң салымымды кошууну жашоомдун негизги принциби жана позициясы катары баса белгилеп өткүм келет. Жана да ар бир биздин жаран жашоодо кур жашабай, атактуулук же мансап үчүн эмес, таза коом үчүн ак иштерин чын жүрөктөн арнашса деп тилейм!
Айтбүбү Абдыибраева, студент