Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Алтымыштан ашкан "Азаттыкка"


Ассалому алейкум! Алгач амандашып алалы. Амансыңбы, Ата-мекеним. Абасы аңкыган Ала-тоом. Адамдары ак-пейил ак-ниет ата-журтум! Амансыздарбы айкөл аталар, азиз апалар, адилеттүү агалар. Амансыңбы, "Азаттык".

Алгачкы "Азаттык"

"Азаттыктын" азаттык аталышына, азиялык азаматтар албан-арыбас аракетин арнаган. Алар "Ааламдык алааматта" (дүйнөлүк согушта туткунга түшүп ж.б себептен улам) Ата-мекенден, Ата-журттан айрылган, Англия, Американын айгакчысы, азыркыча айтканда "агенттери" аталып, алыста айыпталган, азапталган айласыз атуулдар. Атап айтсак Азамат Алтай, Асанкайгылар.

"Азаттыктын" алгачкы алпаруучусу Азамат Алтайдын айтымында, Американын акылдуулары: Аба аркылуу аалам алкагына айланталы (радио толкун аркылуу). Анткени ал аралыкты, аймакты андабайт. Айтоор акылын айтышыптыр. Акыры "Азаттыкты" ааламдын ар айланасындагы адамдар аба аваз (үн) аркылуу Америкадан Азия аралыгында ала алышты.

Азыркы "Азаттык"

Азыр Ааламдашуу алкагында "Азаттык" адамзатка абадай асыл. Анткени азыр "Азаттык" айдынын ачсаң аты ааламды аралаган алптарды, атактуу азаматтарды, аалымдарды, ажо, аким, ашпозчу, актер, артист, архитектор, академик, акын, адвокат, астроном, агитатор, айдоочу, агроном айтып-айтып азайбайт.

Ажонун ачкөздүгүн, аткаминердин алдамчылыгын, абактагынын азабын, алсыздын айласын, азчылыктын арманын, айыпсыздын актыгын, акмактын абийирсиздигин, ашынган, амалы ашкан аткезчинин, адамдардын акысын, адилетти, акыйкатты, айбыкпай адамдарга ачык айтышат.

Алыскы айылдардагы ата-апалардын арманын, аракечтиктин азабын, апийимдин акыретин, акчасын, айлыгын, акысын ала албаган алыстагы атуулдардын арызын, арам акчаны адалдагандарды, алдейин аборт аркылуу алдырган акылсыз аялзатын, аз акчага абийирин айыр баштаган акылсыздарды, акчанын айынан алакандай айдоо аянтын айдай албаган агрономду, АКШнын авиабазасынын абалын, алтыныбыздын азабын, Акүйдөгү акыйлашкан, ажонун администрациянын ажаан абысындарынын айтышын, Алиппеден "А" арибин аңдаткан агайларыбыздын айлыгынын аздыгын, апрелде аянтта аттырылган алтымыштан ашуун азаматтарыбыздын апаларынын азасын, арманын, ааламдык аренадагы адистердин аргумент, аңгемелеринин айтканын, азыркы армиябыздын андагы аскерлердин абалын, арабыздагы агаиндердин автономия алуу аракетин, аймактык араздашууларды ачык айтып, алдын алууга аракеттенишет. Анткени аймактык араздашуу, ажырым ааламдык алааматка айланат.

Алыстабай Ата-журтубуз азаттык алгандан (эгемен) "Алдамчылар аралына" айлантып алган Аскар Акаевдин акылдуу аалым, алсыз ажонун, анын аялынын амалын айласын, алакоодон акылсыз Айдарынын, Аксыдагы Азимбекке арачылаган айыпсыз адамдарды аттырган алааматты арзыматтар акылы адашып айткыча "Азаттык" алгачкылардан айтышты.

Ал адам алгач "Алга, Кыргызстандын" анабашчылыгын аркалап, азыр ааламдык академиктердин алдындабы, артындабы, айтоор арасында. Азыр "ак орустун" ажосу Александрдын ашынасы, "Акжолдун" анабашы, апрел алааматында Акүйдүн алдында алтымыштан ашуун азаматты аттыргандыкта айыпталган ажобузду, айланасындагы акылдашканча, "Азаттык" алдын ала айтышты.

Азыркы ажобуз Алмаз Атамбаевдин Азияда "Ажыдаарга" айлануу амалын, алтыныбыздын айгайын, АКШнын аба аркылуу Афганистандагы аскерлерине азык, аштык алпаруучу авиабазасынын абалын, ал авиабазаны аймагыбыздан айдоону айтканын, айтор "Азаттыктын" адамдардын алкышына арзыганын айлап айтсаң азайбайт.

"Азаттыктын" атактуу атуулдарыбыздан алган аңгемелери.

Ажолордон:

• Алгачкы ажобуз, азыркы академик Аскар Акаев.

• Апрел алааматында айыпталган, азыр ак орустардын арасындагы ажобуз.

• Аймагыбыздагы аянычтуу абалда азаматтар алаңдашып, акылдашканча, алгачкы аялзат ажобуз Атыргүл айым. Атын Атыргүл атаганыма айыптабастыр... (Роза Исаковна, Роза гүлүн атыргүл деп да аташат)

• Азыркы ажобуз Алмазбек Атамбаев.

Адабиятчылардан:

Адабияттын ааламдык аренадагы алпы, атыбызды ай асманга аңдаткан Айтматов (Чыңгыз) атабыз.

Айтылуу "Архаттын" автору Акматовдун (Казат), Аалы (Токомбаев), Абдумомунов (Токтоболот), Абдыкадыров (Жалил), Абдыраманов (Шабданбай), Ашымдын (Жакыпбеков), Асанбектин (Стамов), Абдукаимовдун (Узакбай) Абакировдун (Мелис), Асылбек (Исмаилов), Абдукеримдин (Муратов), азыркы адабиятты аркалаган Абыкеев (Чолпонбек).

Акындардан:

Ак-боз атчан Алыкул (Осмонов), Арстанбек (Буйлаш уулу), Атай (Огомбаев), Асан (Кайгы), Алыбаев (Мидин), Алик Акималиев, Ашыраалы Айталиев, Асан (Жакшылыков), Аскер (Карыбаев), Абдиев (Тууганбай), Ашыралы Айталиев, Акиев (Калык), Анатай (Өмүрканов), Абдылдажан Акматалиевдин, Асан (Жакшылыков), Аалы (Туткучов), Абдыкайым Ашимбаев.

Атактуу артисттерден:

Абдыашым (Көбөгөнов), Абдыкалый (Темиров), Асек (Жумабаев), Аксуубай Атабаев, Аманова (Роза),

Аккордеондун атасы, анын акорддунда "Алмашымды" авазга айланткан, айтылуу Абдыкадыров (Рысбай) атабыз.

"Ак-Булуттар", "Атама" аттуу аваздардын автору Асанкалый (Керимбаев).
Алтымыштай аспаптын арибин ажырата алган (нотасын ажыратып же ойной алган) Азыкбаев (Курмангазы) аттуу аты аталган агайларыбызга арналган ангемелерди "Азаттыктын" айдыңынан ала аласыздар.

"Азаттыкка" арноом

"Азаттык" адамзатка айныгыс акыйкаттыкты арноодо аракетиңерди аябагыла. Аргымагыңар алтымыш ашууну ашыптыр. Адилеттүүлүктөн адашпагыла. Асабаңар айрылбасын. Абийирсизден абайлагыла. Аналитиканы анализдеп, абсолюттуу аргументтерди, акыйкатты адамдарга айткыла. Арамза, анткор, антидемократиячыл аристократтар аймагыбызды анархияга айлантуусун ашкерелегиле, алдын алууга аракеттенгиле. Адилетти, акыйкатты, адепти, адамдардын акысын, арсыздыктан абийирди, аруулукту айырмалоону аудиторияңарга айткыла. Алтымышынчы аялдамада аялдабай, андан ары арыштагыла! Адамзаттын адвокатына айлангыла! Аягында атакемдин айтканындай аяктасам: "Акыйкатты ардайым ачык айткан адамдардын алкышына арзыйт"!

Ак-боз атчан "Азаттык".
Алтымыштан ашууну ашыптыр.
Адамзаттын алкышына,
Ачык айтып арзыптыр.

Ашыкчасын алымчасын айтып айыптабаңыздар. Акылымдын алынча А арибинде айтууга аракеттендим. Айтылган аңгемени алтымыштан ашкан "Азаттыкка" арнайм!

Ата-мекенден алыстагы атуул: Азимбаев Ж.З
XS
SM
MD
LG