Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Элиңдин тарыхын биле жүр!


Сүрөттүн авторго тиешеси жок. Археологиялык изилдөөгө катышкан кыз.
Сүрөттүн авторго тиешеси жок. Археологиялык изилдөөгө катышкан кыз.
Мен, Эсенкан кызы Сымбат 1992-жылы Нарын областынын Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келгем. 1999-жылы аталган айылдын Т.Байбураев атындагы орто мектебинин босогосун аттагам. Окуучулук курак менин жашоомдогу эң кызыктуу жана жагымдуу мезгил. Айтайын дегеним, илим-билимге ээ болуунун башаты ушул менин алтын уям – мектебимде пайда болуп, кыргыз элимдин эле эмес, жалпы дүйнө элдеринин тарыхына, маданиятына кызыгуум окуучулук куракта башталган.

Мектепти ийгиликтүү бүткөндөн кийин тарых факультетине тапшырып калышым кокустук эмес. “Тарыхы болбой, эл болбойт”-, демекчи, ата-бабамдын, Манас атамдын элинин тарыхын билбей коюу мен үчүн жоопкерсиздик жана чоң кемчилик. “Өзүн сыйлаган адам, өзгөнү да сыйлайт” деген учкул сөздөгүдөй, дүйнө элдеринин өткөндөгүсүн, алардын кылым карыткан кыргыз элим менен кандай мамиледе болгондугун билүү менин чоң максатым. Студенттик мезгил өз алдынчалыкка, жоопкерчиликке, инсан катары калыптанууга өбөлгө түзгөн, эн бир кайталангыс жана кызыктуу экендигин мен өз башымдан өткөрүп сезе алдым десем болот. Студент болуу менен, мен аракетчил болууга, үстүртөдөн эмес, терең билим алууга үйрөндүм, жана аны менен катар коомдогу актуалдуу нерселерге кайдыгер болбостон, ынтызаар боло баштаганым да бар.

Илимий жааттан мисал кылсам, тарыхка кызыгуумдун натыйжасында, боордош казак элине барып, илимий конференцияда “Интернеттеги улуттук тил маселеси жана Википедия” деген теманы алып чыгып, 2-деңгээлдеги диплом менен сыйландым. Ошондой эле, Кыргызстан менен көп мезгилден бери тарыхый жана саясий алакада болуп келген кыргыздардын түпкү мекени болгон Алтай жергесинде болуп, студенттик форумга катыштым. “Миң укканча, бир көргөн артык”-, деген накыл сөз бекеринен айтылбаса керек. Чынында эле, Алтайдын тоолору кыргыз жыттанып, ата-бабам коштоп жүргөндөй сезилди. Мындан сырткары, Кыргызстанда интернет булактарында, айрыкча, электрондук энциклопедия саналган Кыргыз Википедиясында материалдар аз болгонуна байланыштуу, мен өлкөбүзгө эмгеги сиңген инсандар тууралуу макалаларды тарыхый адабияттардан алып жүктөп, өз салымымды кошууга аракет кылып келем.

Балдардын дараметине, шыгына жараша келечектеги кесибин туура тандоого жол көрсөтүү жана аларды ар түрдүү ийримдерге кызыктыруу абдан маанилүү эмеспи. Ошол себептен, мен 2013 – жылы экс-президент Р.И. Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган “Билим фестивалына” ыктыярчы болуп, жаш жеткинчектердин билимге болгон умтулуусун көрүп, мекенимдин уучу кур эместигине ынандым.

“Жаштын тилегин берет”, - деген накыл сөз бекеринен айтылбаса керек, дегеним, жашоомдогу эң маанилүү, урунттуу, ошол эле мезгилде эң таасирдүү көз ирмем- бул Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш. Атамбаев мага диплом жана стипендия тапшырып жаткан учур болуп калды. Бул жолугушуу менин андан-ары да жакшы окуума стимул болду десем жаңылышпайм. Бул сыйлыкты алуу менен мен бир нерсени түшүндүм, адамдын кылган ак эмгеги, талыкпаган аракети эч качан жерде калбайт экен. Азыр бизде, жаштарда башкаларда жок кымбат нерсе – жаштык, күч-кубат бар. Ошол кайрылып келбес жаштыкты туура багытта пайдалануу өзүбүзгө көз каранды.

Жылдар өтөөр, аруу, дем-күчкө толгон студенттик курак менен да кош айтышчу мезгил келип жетээр. Бирок, бул мезгил менин жашоомдогу учурлардын эң баалуусу болуп калары шексиз. Студенттик мезгилимдеги көп учурларда билимге умтулуп, талыкпастан окуп, кээде уктабай, кээде ачка калуум дагы мен үчүн олжо деп эсептейм. Себеби, бул нерселер мени сабырдуу, көтөрүмдүү жана чыдамдуу болууга үйрөттү.

Мен тарых факультетинде 4-жылы окуп жатсам дагы, билгенден биле элегим көп деп ойлойм. Себеби, мыкты тарыхчы бир нече фактыларды салыштырып келип, анык чындыкты айтуусу абзел. Ошондуктан, өткөндөгүгө карап, келечекке өз көз-карашыбызды туура билдирүү чынында эле өз кесибибизди мыкты өздөштүргөндүгүбүздүн далили. Мен билим алган окуу жайда эң баалуусу - имарат же окуу-куралдары эмес, эң баалуу жана асыл нерсе- бул мага билим жана таалим берген эже-агайлар. Ошондуктан, ар күнү алар менен баарлашуу жашоомдогу эң пайдалуу учур деп айтар элем. Дегеним, алардын берген акыл-насааты, билими эч нерсеге теңдешсиз байлык жана кенч. Тарых факультетине тапшырып калганыма кудайыма миң мертебе ыраазымын. Себеби, тарыхты окуп жүрүп, мага төмөндөгүдөй ой келди: Эчендеген кыргыздын эр-азаматтары, акылдуу кыздары эл-жер үчүн жанын аябастан салгылашып келсе, кантип, биз, жаштар ал асыл эмгектин кадырын сезбей, кайдыгерлик кылабыз. Демек, улуу инсандардын кылган ишин текке кетирбейли десек, алар калтырган асыл мурас, улуу кенчибизди сактоого мен жаран катары көмөк көрсөтүүм абзел.

“Канча тил билсең, келечекте сага ошончо терезе ачылып, шоола тийип, жарык болот”-, дегендей, менин алдыдагы максатым - чет тилдерин үйрөнүү жана дүйнө кереметтерин көрүп келүү. Ушул максатта англис тилин үйрөндүм. Келечекте өз элимдин тарыхы, маданияты, асыл мурастары, эрдиги менен бөлөк элдерди тааныштыруу жана кыргыз эли чынында эле түпкүлүгү түбөлүктүү эл экендигин далилдеп, элимдин сыймыгы болуу менин эң негизги максатым.

Эсенкан кызы Сымбат, студент
XS
SM
MD
LG