Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Мекеним гүлгө оронсун


Кыргызстандын тоолорун карасаң кооз гүлгө оронуп жатат. Менимче, гүл талааларын көбөйтүү керек. Чет өлкөдөн келген туристтер Кыргызстанга суктанат, таң калат. Биздин жаратылышты тартып, чет өлкөгө таратып жатышат.

Кыргызстан тоолордун мекени.

Тунук суулар токойлору кең,

Кылымдарга түбөлүк жашай бер

Өсө бер гүлдөгүн Мекеним.

Кыргыз мамлекети гүлдөп-өсүшүн каалайм!

Кымбаттан кынылышып Мекен тилим.

Кылымдан гүлдөп өскөн мекеним,

Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда.

Жаралып жаным менен кыргыз жерим,

Мен жакшы окуп, Кыргызстанга жакшы жана жаңы нерселерди чыгарган завод-фабрикаларды курганды каалайм. Кыргызстанда жаныбарларды атпай кайра көбөйтүп, куштарды да жакшы карап, өз мекенибизди таза кармап, түркүн гүлдөрдү эгип туруу керек. Биз мусулманбыз андыктан намаз окуп, жакшы сөздөрдү сүйлөшүбүз керек. Башка өлкөлөргө да кайрымдуулук кылуу керек.

Изатбек Санжитов, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG