Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Мамлекеттин эртеңи ар бирибизге көз каранды


Бишкек, 2012-жыл.
Бишкек, 2012-жыл.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн элибиз үчүн зор тарыхый мааниге ээ болгон Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнүнүн жыйырма үч жылдыгын салтанаттуу белгилеп жатабыз.

Албетте, жыйырма үч жыл тарыхый ченем менен алганда эгемен мамлекеттүүлүктү түзүү үчүн көз ирмемдик эле мезгил.

Бирок буга карабастан акылман элибиз жыйырма үч жыл аралыгында ар кандай саясий оош-кыйыш окуяларга, социалдык-экономикалык каатчылыктарга туруштук берүү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөй алды.

Чынында, эгемендүүлүк жылдар ичинде Кыргызстанда көптөгөн ийгиликтүү окуялар менен бирге эле терс окуялар да болуп өттү. Анын ичинен элибиздин демократиялык багыт алуусуна шамчырак болуп берген эки жолку революция өзгөчө орунду ээлейт. Эркиндикти туу туткан элибиз элге каршы саясат жүргүзгөн, жемкорлукту гүлдөтүп, үй-бүлөлүк диктатордук режимди орноткон бийлик ээлерине каршы чыгышып, эки жолу элдик революция жасашты. Мунун өзү бийликтин элдин алдында жоопкерчиликтүү болушуна, демократиялык принциптерди сактоо менен иштешине өбөлгө түздү.

Мамлекеттик башкаруу системасы түп-тамырынан өзгөрүп, Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп парламенттик башкарууга өттү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жогорулады, ар кайсыл тармактарда реформалык өзгөрүүлөргө жол ачылды. Башкысы бийликтин бир колго топтолушуна, элдин байлыгын талап-тоноосуна бөгөт коюлду, сөз эркиндигине кысым токтолду.

Арийне, мамлекеттик башкаруу системасынын өзгөргөнүнө карабастан, бүгүнкү учурда мамлекетибиз экономикалык жактан бир топ аксоодо, социалдык-экономикалык, чек ара, коопсуздук, жумушсуздук маселелерине байланышкан бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Аларды чечүү үчүн мамлекеттик бийлик мезгил талабына ыӊгайлашуу менен ыкчам аракеттерди көрүшү зарыл. Муну менен катар эле, мамлекеттүүлүктүн бекемделиши Кыргызстандын ар бир жаранынын кадамынан дагы көз каранды экенин белгилей кетмекчимин.

Анткени дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуяларга саресеп салсак, көптөгөн мамлекеттерде жарандардын өз ара тирешүүсүнөн улам саясий чыӊалуулар орун алып, жарандык кагылышуулар болуп, айрым мамлекеттер жок болуу коркунучунда турат. Ал эми ушул эле учурда канча деген улуттар эгемен мамлекетти куруу үчүн канын төгүшүүдө.

Эгемендүүлүк, мамлекеттүүлүк чырпык сыяктуу, эгерде өз учурунда сугарып, жакшылап карасаӊ, келечекте мол түшүм берген, тамыры жайылган бак-дарак болот, ал эми карабай таштап койсоӊ, куурап жок болорун эске сала кетейин.

Андыктан эгемендүүлүктүн, мамлекеттүүлүктүн баасын, баркын баалай билип, Кыргыз мамлекетин көз карегибиздей сактап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү жалпыбыздын милдетибиз.

Көч бара-бара түзөлөт дегендей, бүгүнкү алган багытыбыз келечекте өзүнүн оӊ түшүмүн берерине, эгемен мамлекетибиз кубаттуу мамлекеттерден болоруна тереӊ ишенем.

Урматтуу мекендештер, баарыӊыздарды эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоо менен жерибизге тынчтык, көп улуттуу элибизге биримдик, өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.

Илияс Колопов, көз карандысыз журналист

XS
SM
MD
LG