Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабайлы!


Бишкек. 2014-жыл.
Бишкек. 2014-жыл.

Кадырман Кыргыз калкым!

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Кылымдарды карыткан касиеттүү кыргыз калкыбыз көз карандысыз, күнкорсуз Кыргыз каганатын курууну канчалаган кылымдар көксөшүп, кажыбас кайраткерлигин көрсөтүшүп, коопсуздугун канжыгага коюшуп, күрөшүп келишкен.

Кыргыз калкынын канчалаган кылымдар кан-какшап келген каалоосун Кудайым колдоп-кабылдап, кичинекей Кыргызстаныбызды көз карандысыз каганат кылды.

Кубадай, Камбоджадай, Камерундай, Кениядай, Катардай, Колумбиядай, Канададай, кубаттуу кошунабыз Кытайдай көптөгөн каганаттар Кыргызстанды көз карандысыз каганаттардын катарына кошулганын кабарлашып, куттукташты.

Күтүлбөстөн келген көз карандысыздыкка кыргызстандыктар көкүрөгүбүз кеңейип, коңгуроо кагылгандай катуу кубанганбыз. Көрсө, кубанычтын кучагында калып, көзүбүз кашыбыздан кийинки көрбөй, көз карандысыздыктын көшөгөсүндө Кыргызстанды көптөгөн көрүнбөгөн көйгөйлөр күтөөрүн кыргызчылыгыбыздан кенебептирбиз. Көкүрөгү көр кемчонтой кишилерди Каган кылганыбызды, Кыргыз көчүнүн камчысын, Кыргызстандын кемесинин калагын карматып койгонубузду кечирээк кабылдадык.

Кокусунан көктөн Кагандыкка келишкен көпкөлөң көөдөндүү кайсапыр Кагандар Кыргызстанга каалагандай кожоюндук кылышып, кайран кыргыз калкына кедейчиликтин кийимин кийгизишип, Кыргызстандын келечегине камкордук көрүшпөй, кайра казынаны келемиштей кемиришип-какташып, коррупциянын казанын кайнатышып, карыздарды көбөйтүшүп, Кумтөрдөй кендерди "Камекодой" куу канадалык компанияларга карматышып, катын-калачтарын кутуртушуп, кыргыз калкын кыйын күнгө кептешкенин кантип кейибестен кеп кылбай коём.

Көрөгөч кыргыз калкы кесирлүү Кагандарынын кылыктары калкыбызды курутаарын, келечегин күмөндүү кылаарын көрүшүп, калкынын каргышына калган көпкөлөң кагандарын козголоң, кандуу көтөрүлүштүн капшабында кубалап кетиришкенине кичине каниет кылам.

Кадырлуу кыргызстандыктар! Кыргыздын касы ким? Кыргыздын келечегине кытмырлык кылгандар кимдер? Кыргызстандын көз карандысыздыгына коркунуч келтиргендер, коопсуздугуна карасанатайлык кылгандар кимдер? Кыргызды кыямат күнгө каптагандар кимдер?

Кайрылуумда кыргыз калкым, Кыргыздын, Кыргызстандын кастары кимдер, кандай кашабаңдардан, каракчылардан куралганын кайталап көрсөткүм келет.

Кыргыздын кастары: казынаны келемиштей кемирген казынакорлор, калкыбызды кокту-колот кылып кайраштырган кытмырлар, коррупционерлер, кемчилдигин көрбөгөн келечегине кайдыгер караган кенебес кыргызчылык.

Кымбаттуу калкым, көз карандысыздыгыбыз кичинекей карагайдын көчөтүндөй, көңүл коюп карабай койсок куурап калат, канчалык камкордук көрүп карасак кийинчерээк кубаттуу карагайга кубулуп, көлөкөсүндө кенен-кесири корголойбуз.

Күжүрмөн кыргыз калкым, кылымдарды карыткан комуздун күүлөрүнүн кайрыктарында кыргыздардын кереметтүү Кыргыз каганатын курууда көркоо кастарына каршы күрөшкөнү камтылган. Кыргыздын кадырлуу карыялары калкына керектүү кебинен кайрылышып, касиеттүү кыргыз калкы короодо койдой камалганча, кулагы кесилген кулдай, кашы күйгүзүлгөн күңдөй кыйналып күн көргөнчө карышкырдай күнкорсуздукту, кенендикти кымбат көрүшкөн.

Кымбаттуу кыргызстандыктар, кереметтүү Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабайлы, каармандыкта, күчүбүздүн келишинче камкордук көрүп, кол кармашып күчтүү, кубаттуу, көз карандысыз Кыргызстанды курууга кечикпестен киришели.

Көз карандысыз Кыргызстанды курууда кыргыз калкыма кажыбас кайрат, күжүрмөндүү катышууну каалайм.

Автор: Илияс Колопов, Бишкек шаарынын тургуну

XS
SM
MD
LG