Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

Жаш жолбашчынын журтуна жолдогон жакшылыгы


23-жылда жалаң “Ж”дан жобурайын!

Жалпы-жамы журт, жаркын жолдоштор, журтташтар, жергебизде желегибиздин желбирегенинин 23-жылын жакшы жышаанда жалпылап жолуктуруудабыз.

Журтташтар, жадыраган жышаанда жалпыңыздарга жана журтубузга жаратканыбыз жакшылык жалгасын, жамандык жибербесин, жаратман жарандарыбыз жалаң жемиштүү жеңиштердин жетегинде жүрсүн. 23 жыл жыйырма жылдын жонундагы жаш жылдардан, журтубуз жаштыгына жамынса да 23 жылда жергебизде жакшы да, жаман да жоруктар жасалды. “Жүз жылда жер жаңы”, жергебиз жүз жылга жетпесе да жыйырма жылда жемиштүү жолдо жылып жүрүүдө.

Жалпысынан 23 жылда журтубузда жан жылытаарлык жүрүштөр жүрүп жатты. Жакшыны жандай, жаманы да жөн жатпай жаркын жолду жаап жаткансыды, жарыктык. Журтташтар, жогоруда жылып жаткан жылдарда жарыбаган жылыштарды да жарыя жасап жалпыбыз жыргал жашоого жеткендей жыргадык, жаман жанды жооткоттук. Жоок журтташтар жеңил-желпиге жетеленбейли, жетиштүү жыргалчылыкка жетпей жатканыбызды жашырбайлы. Жаныбыздагылар жакшынакай жашоого жергебиз жетпеген жыйырма жылда жетишип жашап жатканын, жергебиз жетпегенин жаныңыздарга жетип жобурап жатсаңыздар, жообу жөнөкөй. Жыйырма жылда жергебизди жемкорлор жеп, жутушту. Жалпылыктан жекелик жакка жулкунган жетекчилер журтуна жырткычтык жасашты, жарандарды жийиркентти, жарыбагырлар!

Журтташтар, жергебизди жалпылап жыргалчылыкка жеткирели, жогорудагыдай жаман жагдайларды жасатпайлы. Жалпыбыздын жонубузда жергебиздин жүгү жүктөлгөн, жеке жолбашчынын жумушундай жасасаңыздар, жосунсуздур. Жалпыласак жеңебиз. Жаркын жолго жергебизди жетелейли. Жараткан жакшылык жиберсин!

Жакшылык жолдогон: Жаш жолбашчы Маданбеков Асеин Нурланович

XS
SM
MD
LG