Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Сабырдуулук авитаминозу


Көз жоосун алган мөмө-чөмө саткан катарларды аралап баратам – шабдаалынын бир килосу 90 рублден, өзбектер апкелген алмалардын даамын айт, жыты мурун жарып буркурайт. Ушуну көрүп: силер болбосоңор эмне кылат элек деп ойлойм да, 89-жылдагы чирик алмага кезек жетпей, бири-бирибизди төө бастыга алган күндөр эске түшөт...

Базарлардагы кыргыздарды көргөндө башкаларчылап дене-боюм ичиркебейт деле. Курсагын салаңдатып араң ыңгыраган тывалар Орто Азиядан келгендердин баарын биерден кубалап чыгыш керек дегенде мен дайым алардын эсине салам: эй, жердештер, ашыкпай турсаңар, кыргыздардын бабалары биз жарык дүйнөгө келгенге чейин эле ушул жерди байырдашкан, Кыргыз каганатынын тушунда биз анын букаралары элек, демек, алар да азыр мекенинде жүрбөйбү.

Жердештериме айтарым: силер да ошолордой кара жанды карч уруп, курсакты эмес, кирешеңерди өстүрбөйсүңөрбү. Жанагынча мөмө-чөмөнү орто азиялыктардын байланыш чордону болгон Новокузнецкте же Новосибирскте, же дагы бир жерде ондогон ортомчулардан сатып алып, аны бапестеп сактап, бизге чейин сынынан бузбай жеткирүүгө бир да тывалыктын чамасы жетпеси бештен белгилүү. Жердин жети түбүнөн азаптуу жолдорду басып өтүп, ортодогу мителерге берчүсүн берип отуруп, кээде чыгымга батса да шабдаалыны Тывага, менин дасторконума килосун 90 рублден жеткирген эмгекчилер бар экенине чексиз кубанам. Бизге бейтааныш өзбек, азербайжан, грузин жана башкалардын кактаган күн алдында өстүргөн жашылча-жемиштерин ташып, колдоо көрсөткөн бул адамдарга миң мертебе ыраазымын.

Европада же Америкада болсун мынча төгүлгөн береке жоктур (таза органиканын күчү менен өстүрүлгөн азыктар дүкөндөрү өтө эле кымбат). Биз болсо Сибирде отуруп алып, мынча мөмө-жемишти дал ушул жерде өсүп жаткансып тандаганыбызды айтыңыз.

Дегеле Москвада жана Питерде чөп жеп калышса деген тилегим бар. Алардын базарда бир да чоочун соодагер калбаса деген тилектери ишке ашып, гипермаркеттеринде Евросоюздун энбелгиси басылган, сырты жылтырак, бирок жесең желимдей болгон, элдир-селдир гана даамы бар тоң жашылча-жемиштерди жеп калышса, атаганат...

Саяна МОНГУШ, Тыва

XS
SM
MD
LG