Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Көкүрөккө руханий төңкөрүш керек


Ассаламу алейкум, мага аманатын тапшырган урматтуу калайык-калк. Бүтүн кыргызстандыктарды бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен жүрɵгүмдүн түпкүрүнɵн куттуктайм. Баарыңыздарга болоттой ден соолук, бакубат, сергек жашоо, ошондой эле бактылуу ирмемдерди чын ыкласымдан каалайм.

Мына тез эле 23 жыл ɵтүп кеткенине күбɵ болуп отурабыз. Бул убакыт ичинде биз күтпɵгɵн, нечен жакшы-жаман окуяларды кечип ɵтүүгɵ туура келди. Чынында кайран эл бир топ кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдү. Өткɵндɵн сабак алуу менен келечекке бекем кадам таштообуз керек.

Кыргызстан ɵз багытын издеп, канатын кага баштады. Бир топ мамлекет менен жогорку деңгээлдеги маданий, экономикалык келишимдер түзүлүп, бир канчасы мɵмɵсүн берүүдɵ. Колдо турган мүмкүнчүлүктɵрдɵн эффективдүү пайда кɵрүшүбүз керек. Башкача айтканда, ресурстар, гранттар жана эң кымбаты убакыт.

Ошол эле убакта жалпысынан, алдыбызда ишибиз кɵп. Эл алдында биз билген чыркыраган чындыкты айтпаганга укугум жок. Күлɵ албай же ыйлай албай ɵзүбүздү алдабайлы, биздин азыркы абалыбыз бир топ оорлугун баарыбыз баамдап турабыз. Ачык айтсам, ɵзүбүздүн потенциалдын ондон бирин да пайдалана албай атабыз. Ошол эле убакытта экономикалык кризиске чейин дагы бир чоң кризис турат.

Ал - руханий кризис. Эгер кайсы бир коом бɵлүнүп-жарылса, ушак, эгоизм, коррупция кɵбɵйсɵ, мекенди сүйбɵсɵ, эгемендүүлүктүн баркын билбесе же кудайдан коркпосо, ал коом келечегине түкүрүптүр. Катуу тийсе кечиресиздер. ”Акыйкаттан ийгилик туулат” дейт.

Түндɵн кийин күн, кыштан кийин жаз келет. Эч үмүтүбүздү үзбɵй, бир тууганча ак эмгекке бет алалы. Ар бир атуул кɵкүрɵккɵ тɵңкɵрүш жасай турган убакыт келди. Намысыбызды сактап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эмгектин гүлүн терүүгɵ чакырам. Эртеңкибизди бүгүн жазабыз.

Уркуя Садирова

XS
SM
MD
LG