Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Кез келди элди коргоор, жерди коргоор...


Баткен. Айгүл гүлдөгөн маал.
Баткен. Айгүл гүлдөгөн маал.

Баткен! Бул сөздү укканда Баткен жергебиздеги көйгөйлүү чек ара талаш, улуттар аралык келишпес жаңжалдар жана 1999-2000-жылдардагы коогалаңдуу элестер чагылат.

Быйылкы жылы Кыргыз мамлекетибиздин 23 жылдык эгемендүүлүгүн утурлап келе жатабыз. Ошол эгемендүүлүгүбүздү жок кылууга сырттан да, ичтен да түрдүү көрө албас душмандарыбыз бар.

Ошондуктан мындан 14 жыл мурда 2000-жылдын август айында Баткен коогалаңы учурунда Баткен облусунун Ак-Сай айылында жайгашкан элдин коопсуздугун сактоо үчүн өз парзымды аткарып, түнүсүн Ак-Сайдын шамалдуу капчыгайында колдо автомат кармап, күзөт маалында жазган ырымды "Азаттыктын" «Элге кайрылыңыз» сынагына сунуштап көрсөм. Балким бул коопсуздуктан кыжалат болуп келе жаткан баткендик туугандарга бир аз да болсо дем берер.

БАТКЕН МАРШЫ

Арналып жаштык күндөр Ата Журтка,

Айланып каректерде Баткен тоолор.

Ант берген жүрөктөрдөн кайнап жалын,

Кез келди жерди коргоор, элди коргоор.

Аттанган урпактары Манас шердин,

Аянбай эл-жери үчүн билек түрүп,

Аттатпай душмандарга Ата Журтун,

Баткендин тоолорунда эрлер жүрөт.

Коркпо элим, күлкү жансын жүзүңдө,

Тынч уктагын жазды көрүп түшүңдө.

Тепсей албас, өрүкзарын Баткендин,

Бир да душман, биз турганда өзүңдө.

Ишиңиздерге ийгилик каалоо менен, Ош шаарынын тургуну Жумагул уулу Султанбек

XS
SM
MD
LG