Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Кайталангыс күндөрүмдө китеп менен дос болгом


Студенттик күндөр... Эх чиркин кыялдар менен ой-максаттар, оюн-зоок, ыр-бий, күлкү-тамаша, сүйүү, окуу жаштыктын эле бактылуу учурлары экен. Менин студенттик күндөрүм эң сонун өтүп жатат. Күндө кызыктар болот. Себеби группада шайыр балдар-кыздар көп. Күндө күлүп жыргайбыз, бош болсок эле кино менен паркка жөнөйбүз. Бактыбызга "Манас" кинотеатры менен "Ата-Түрк" паркы жакын жайгашып калган ээрчишип эле балдар-кыздар жумушка баргандай барабыз.

Студенттик кез жашоодогу эң бир кызыктуу, эсте каларлык күндөрүң десе анчалык маани берчү эмесмин. Азыр гана ошол сөздөрдү эстеп бул күндөрдүн тез өтүп жатканы, кайрылып келбеси өкүндүрөт.

Убакыт учкан куштай зымырап окуучулук күндөр да өттү. Мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, өзүм кыялданган, самаган, юрист болсом деген максатыма ак эткенден так этип жүрүп тапшырдым. Билинбей күз да келип 3-сентябрь университеттин алгачкы босогосун аттагам. Бөтөн жер, бөлөк адамдар, башка чөйрө дегендей башында көнө албай кыйналгам. Келип эле биринчи блогко, эженин маңдайына отургам. Пара бүттү эч жакты карабай үйдү көздөй жөнөчүмүн. Ошентип арадан бир жума убакыт өтүп, бири-бирибиз менен таанышып, ички-тышкы ой-пикирлерибизди түшүнүшүп калдык. Азыр бизден өткөн ынак, шайыр, ынтымактуу группа жок. Универдин ар бир коомдук ишине активдүү катышып, КВН дегендердин атасы аталдык. Конференция, дебат дегенди да өткөрүп башка группадан утулуп калбайлы деп укмуш даярданабыз. 21-кылым интернеттин заманы болуп калбадыбы. Издегениңди табасың, жаңылыктарды окуйсуң, досторуң менен байланышып, сыр чечишип кабарлашасың. Кез-кезде китепканага да барып укук жөнүндө китептерди окуп, сабакка даярданам. Мектепте окуп жүргөндө 5 алыш оңой болсо, а студенттик күндө 5 ке жетиш кыйын. Ал бааны алуу үчүн болгон күчүңдү, акылыңды жумшайсың. Бул мен үчүн жагымдуу. Анткени изденүү, жаны нерсени үйрөнүү мыкты адис болууга даярдайт. Сессияда эжейлер акча алат, бербесең койбойт дейт. Менин оюмча бир нерсе билген, кичине сүйлөгөн студенттен эжей деле акча талап кылбайт. Окуу десе окубаса, же оозунан сөз чыкпаса, башында акыл болбосо, андан эмнени сурап, эмне суроо берет? Анан ага кетирген бекер убакытка башка студенттерди сурап, башка жумуштарын бүтүргөнгө жетишет. Ушулардын негизинде оңой жол менен акча сурайт. Мен бул сөздөрдү ишеничтүү айта алам. Себеби өзүм да студентмин жана мындай көрүнүштөрдү көрүп жүрөм. Мен бул жылдагы сессияларды өз күчүм менен бүтүрдүм. Ар бир сессияда ар кандай кызыктарга, окуяларга туш болосуң. Бизде ИГПЗС деген предмет бар. Мамлекеттердин байыркы жана азыркы тарыхын, укуктарын окуйбуз. Соттук системаларын бир мамлекеттикин түшүнсөк, кээ бирин түшүнбөйсүң, кай бирине таң калып маани бересин. Айтор, абдан кызыктуу предмет. Андан бир болгон окуя. Экзамен башталды. Бардык студенттер келип, өз орундуктарына отурушуп биринчи блог бош эч ким жок. Бизде бир Эрлан деген шуулдаган, калп эле кыйын боло берген балабыз бар. Ал келип эле биринчи блогко сүйүнүп эле отуруп алды. Эжей ага ушул суроого эле жооп берсе болду жетет деди. Эрлан отуруп алып эле жанындагылардан бир нерселерди эле сурап атат: -"эмне экен сурооң "-десем -"Ата Мекeндик согуш эмне" -дейт. -"Ай ошону билбейсинби? Немистер менен урушканбызда. -"Неге урушканбыз? Ошондо аябай күлдүм. Анан ал жооп бергени чыкты угуп турсам сурап атат Ч. Түлөбердиев ким болгон десе "жазуучу" деп жатпайбы, анда эжей "эмнеее" десе "акыыын" деп ийди. Аудитория баарыбыз күлүп эле жатып калдык. Ошентип экзамендин башын күлкү менен баштап, бирок аягында группадан бир да студент баа албады, алгандар баасына канаттанбай, кайра тапшыра турган болдук. 5ке жетпей калбайлы деп күнү-түнү даярданып, жадакалса түшүмө да кириптир. Түшүмдө байыркы сот өтчү залда мен басып кетип жатам. Ойгонуп кетип, түшүмдү жакшылыкка жоруп койдум.

Бир күнү дос кыздар чогулуп сессияларды ийгиликтүү тапшырып жатабыз деп кафешкалардын бирине майрамдап олтурдук. Ар кимибиз каалаган тамакты заказ кылып жедик. Анан эле счетту сурасак, биз ойлогон суммадан көп келип калды. Сумкадагы акчанын баарын чыгарып жатсак да жетпейт. Төртөөбүз болгон тааныштарга чалып баштадык, баары эле акча жок же үйдөн чыга албайм, айтор, ар кимиси, ар кандай шылтоону айтат. Билинбей бир саат өттү. Биз дагы деле акча таба элекбиз. Официантарда билди окшойт, бизди карап күлүшүп өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты. Эми биз даярдана баштадык, идиш жууганы. "Кана эмне жумуш бар кылабыз"- деп өзүбүзчө тамашалашып коебуз. Акырында бир тааныш эже акча алып келип кутулдук. Тимеле апабыз келгендей сүйүнүп рахмат айтып жатабыз. "Кел отур тамак заказ кылалыбы, коладан ал " деп коебуз. Столдо коладан башка эч нерсе жок. Ошентип бул күндү эсте калаарлык, унутулгус күн кылып өткөздүк. Кыскасын айтканда, менин биринчи студенттик жылым өз сапарын карытып баратат. Бул күндөрдү ойноп да, күлүп да, окуп да жетиштим. Ар бир саат, ал турсун минута баалуу экенин туюп, билим гана түбөлүк болорун ойлоп китеп менен жакын дос болгом. Азыркы учурда көпчүлүк жаштар убакыттын бийиктигин, өтө тереңдигин, маанилүүлүгүн сезбестен, күнүмдүк жашоо-турмуштагы болуп жаткан оюн-күлкүлөрдүн чегинен чыгып, убакыттын өз учурун билбей өткөзүп жиберебиз. Мезгил өз ордун толуктап, убакыттын өтүшү менен студенттик күндөрдүн соңку жылдыгына кирип барабыз. Аз убакыт өтпөй диплом алуу убактысына жетебиз. Аргасыздан аны да акча менен бүтүрүүгө туура келет. Ошондуктан азыртадан ойлонуп, келечектин пайдубалын куралы. Кыргыз элибизде арзандын тузу татыбайт деп улуу акылмандарыбыз сөз тамырын казып жөн жерден айткан эместир. Анын сыңары биз үчүн диплом алуу максат эмес, негизги мүдөөсү билимди жеткиликтүү алуу деп билем.

Чолпон Эмилбек кызы

XS
SM
MD
LG