Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Өз келечегибизди өзүбүз аныктайбыз


Окуудагы, коомдук иш-чаралардагы жетишкендигим үчүн, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Азамат” төш белгиси менен сыйланган учурум. Ректор, юридикалык илимдеринин доктору профессор Канат Керезбеков менен.
Окуудагы, коомдук иш-чаралардагы жетишкендигим үчүн, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Азамат” төш белгиси менен сыйланган учурум. Ректор, юридикалык илимдеринин доктору профессор Канат Керезбеков менен.

“Ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, мен дагы айылдан окууну бүтүрүп, студенттик күндөрүмдү борбордон өткөрүүгө сапар тарттым.
Борборду көздөй баратып маршрутканын терезесине тигиле карап бараттым, удургуган кыялдарым менен алпурушуп. Ал убакта кыялданганымдын жарым-жартылайы ишке ашты десем жаңылышпайм. Арадан беш жыл өтүп, жакында окууну аяктоо алдында турабыз. Студенттик күндөр менен дагы коштошобуз.

“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, кичи мекениме кайтып бара жатып артымда калган беш жылдык студенттик күндөрүмө саресеп салдым. “Убакыт учкан куш” демекчи беш жыл, беш айдай эле өтүп кетти. Беш жылдагы кызыктуу, бирде кайгылуу өткөн студенттик күндөрүмдү айтып отурсам бир топ китеп жазчудаймын. Андыктан билим артынын түшкөн беш жылдын урунттуу учурларына токтолууну чечтим.

Айылдан келген студенттер көп эле кыйынчылыктарга дуушар болот эмеспи, алардын катарын өзүм дагы толуктап, ал кыйынчылыктарды дагы башыбыздан өткөрдүк. Студент болуу бул өтө жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда кызыктуу эмеспи. Мен дагы ата-энемдин мага көрсөткөн ишеничине татыктуу болуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшап, группалаштарым менен теңтайлаша окууга аралаша баштадым. Талыкпай изденип, терең билим алганга умтулдум, кайсы гана окуу жай болбосун, студенттин татыктуу билим алуусуна өзү кана себепкер болорун түшүндүм.

Мамбет Тынаев атындагы орто мектептин окуучулары менен. Кесиптик багыт берүү сабагынан кийин. Мектеп босогосунан чыгып кеткенче артыман калбай, кызыккан суроолорун берип жатышты. Мени абдан кубандырышты.
Мамбет Тынаев атындагы орто мектептин окуучулары менен. Кесиптик багыт берүү сабагынан кийин. Мектеп босогосунан чыгып кеткенче артыман калбай, кызыккан суроолорун берип жатышты. Мени абдан кубандырышты.

​Сабагым саат сегизде башталып, саат бирлерде аяктап калчу, андан кийин китепканага барып даярданып, жабылганча отуруп окуй берип ачка болгонумду дагы унутуп калчумун, андан сырткары академияда болгон бардык акысыз тил курстарына катышып, кичине болса да корей, түрк, жапон жана кытай тилдерин билип алдым.

Илимий ийримдерге катышып, аналитикалык илимий статьяларды жазганды үйрөндүм. Бара-бара факультеттеги ар кандай илимий конференцияларга катыша баштадым, ал деңгээл жогорку окуу жайлар аралык илимий конференцияларга көтөрүлдү. Андан соң республикалык деңгээлге көтөрүлүп бара-бара эл аралык аренага чыктым. Мындай ийгиликтерге өзүмдүн талыкпаган эмгегимдин жана кайдыгер карабаган агай-эжейлеримдин колдоосунда жетиштим. Ошентип менин студенттик күндөрүмдүн негизин илимий изденүү, илимий конференциялар түздү. Ар бир илимий ишке жогорку деңгээлде даярдык менен катышып, ийгиликтер коштоп, көптөгөн кубанычтарга бөлөндүм. Муну менен мен эмнени айткым келди, өз келечегибиз өз колубузда, аны өзүбүз кандай курсак, келечегибиз өзүбүз кургандай болот. Келечегибизди куруу өзүбүз алган билимден, туура кесип тандоодон, тура багытка кадам шилтөөдөн башталат. Биздин татыктуу келечек - бул мамлекеттин келечеги. Беш жыл окуп, алган студенттик тажрыйбамды келечекте студент болом деген ини-карындаштарым менен бөлүшүп келем.

Атайбек Исаев. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 5-курсунун студенти

XS
SM
MD
LG