Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:17

“Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинен арыз


Урматтуу “Азаттык” үналгысы,

Менин Сиздерге кайрылып жаткандыгымдын себеби, баарыбызга маалым болгондой, 1- февраль, 2011-жылы Санжар Бакиевдин ишин Чуй областык соту карап, Жалал-Абад шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырып, 50 000 сом айып төлөнсүн деп кошумча жаза киргизген. Сот аяктагандан кийин 24.kg маалымат агенттигине мен укук коргоочу катары сот менен прокурорго башкы прокурор Байболов, президенттин администрация башчысы Каптагаев кысым көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө маалымат бергем. Бүгүн (10-февралда) Башкы прокуратурадан Алмаз деген телефон чалып, “келип кетиңиз, жөн-жай эле” деп алдап чакырды. Барсам 24.kg маалымат агенттигинде чыккан маалыматты көрсөтүп, таанышып чыгыңыз деп тийиштүү кагазды көрсөттү. Андан соң “сиз ушул маалыматты бергениңиз чынбы?” деп мени суракка ала баштады. Байболовдун маалымат кызматы маалыматка маалымат менен жооп берүүнүн ордуна өздөрүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, кызмат укугунан аша чаап жаткандыгын дагы бир жолу далилдешти. Себеби юридикалык жактан башкы прокуратурага чакыруунун ыкмасы кылмышка шектүү болгон кезде гана ишке ашырылат. Ал эми мени башкы прокуратурага чакыруусу биринчиден, мыйзамсыз, экинчиден, алдын ала коркутуу-үркүтүүнүн белгиси деп эсептейм. Бул башкы прокуратуранын эскертүүсүнөн улам мага көрсөтүлгөн коркутуунун негизинде менин укугумду коргоо максатында эл аралык уюмдарга, ЕККУ, БУУнун адам укуктарын коргоо боюнча атайын комиссарына жана Жогорку Кеңешке кайрылууга туура келди.

Сиздерди терең урматтоо менен,

“Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбайша Арстанбекова

Биздин байланыш телефондор: (0312) 46 11 48, (0312) 30 21 52
XS
SM
MD
LG