“Көрүнүктүү акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Депутат Иса Өмүркулов токтомдун демилгечиси болуп чыкты. Камбаралы Бобулов белгилүү адабий ишмер жана окумуштуу болуу менен бирге Жогорку Кеңеш депутаты катары да эгемендүү Кыргызстандын калыптанышына, өзгөчө кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан. Токтомдун негизинде Бобуловдун ысымы Бишкектин бир көчөсүнө ыйгарылмакчы жана 2010-жылы 75 жылдык мааракеси белгиленет.
Кыргызстанда АКШнын азыркы даректүү киносунун фестивалы өтөт. АКШнын элчилиги жана Кыргызстан киноматографчылар союзу азыркы Америка жөнүндө, анын турмушунун чындыктары тууралу голливуддук эмес режиссерлордун фильмдерин көрүп чыгууну сунушташууда. Көрсөтүүлөр 28-майга чейин Кино үйүндө бекер өтөт.
Кинорежиссер Нурдин Карагуловдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, жаңырган аптанын бейшемби күндөрүнөн Бишкекке Орусиянын кинорежиссерлор тобунун келиши күтүлүүдө. Алардын келишинин максаты – Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасы боюнча кинофильм тартуу. Нурдин Карагулов орус киночуларына бул тасмадагы айрым ролдорду ойноо боюнча кыргыз актерлорун сунуштаган:
- Мен көп эле актерлорду сунуштап жатам. Мисалы Догдурбек Кыдыралиевди. Ал Кожожашты ойногон эмеспи. Казактардын, орустардын тасмаларына көп тартылып, көбүнчө ошол монголдорду ойноп жүрөт. Андан сырткары театрдын артисттерине монгол жоокерлердин кийимдерин кийгизип, Москвага жөнөткөнбүз. Алар кимисин жактырып, кимисин калтырды эми алар келгенде белгилүү болот.
Германиянын Кыргызстандагы Борбордук Азия боюнча Сильвия Геслер айым жетектеген “Техникалык кызматташуу коому” 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жети жаш сүрөтчүнүн көргөзмөсүн ачты. Уюмдун максаты – таланттуу жаштарга дем кошуу менен алардын эмгектерин жалпы коомчулукка алып чыгуу. Көргөзмөгө коюлган эмгектер коом тарабынан сатыкка коюлду. 21-майда ачылган бул көргөзмө 31-августка чейин жүрмөкчү.
Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунда ата мекендик адабияттын “Манас” өңдүү дастандары жана Чыңгыз Айтматов баш болгон классиктеринин чыгармалары дайыма басылып келатат. Эми Кытайдагы кыргыз басмалары элдик оозеки чыгармаларды, өзгөчө макал жана ылакаптардын жыйнактарын чыгарууга көңүл бурууда.
27-майда Кыргызстанда биринчи ирет Китепкана күнү белгиленет. 2002-жылдын мына ушул күнүндө Кыргызстанда биринчи коомдук китепкана ачылган болчу. Быйылкы жылы Улуттук китепкананын негизделгендигине 75 жыл толуп отурат.
54 жазуучудан турган топ кечээ жакында пленум өткөрүп, жазуучу Абдрахман Алымбаевди союздун төрагасы кылып шайлады. Ал эми төрага орунбасарлыгына жазуучу Кален Сыдыкова келди. Омор Султанов башында турган Жазуучулар союзу жазуучулардын мөөнөтү өтүп кеткен кезектеги сьездин 21-июнда өткөрүүнү белгилесе, Абдрахман Алымбаев жетекчиликке келген союз күзүндө Кыргызстан жазуучулар союзунун Курултайын өткөрмөк болуп жатышат.
Гапар Айтиев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 44 жаш сүрөтчүнүн көркөм сүрөттүн бардык жанрындагы 100 дөн ашык эмгеги коюлган.
Бишкектеги “Аль-Хаят” арт-галереясында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү маркум Сүймөнкул Чокморовдун “Кайтуу” деп аталган темада сүрөт көргөзмөсү жүрүп жатат.
Жаңырган аптанын маданий окуялары

Көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер маркум Камбаралы Бобуловдун ысмы Бишкектин бир көчөсүнө ыйгарылат жана 2010-жылы 75 жылдыгы белгиленет. Орус кинорежиссерлору Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булут” чыгармасын тасмалаштырат.