Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

“Дүйнөдө жок сулуу” жана Анара Ажыканова


“Учур” театрынын жаш актрисасы Анара Ажыканова ирландык драматург Мартин МакДонахтын “Дүйнөдө жок сулуу” драмасы боюнча коюлган спектаклде башкы каарман Мориндин образын жогорку чеберчиликте ача алды.

- Драматург Мартин МакДонахтын “Дүйнөдө жок сулуу” спектаклиндеги Мориндин образы тууралуу айтып берсеңиз?

- Мен ойногон Морин кырк жашта. Ошол куракка чейин турмушка чыккан эмес. Ал бардык түйшүктү өзүнүн мойнуна алып, карыган энесин багып жүрөт.

Бул чыгармада эненин мээримин, кызы менен болгон жылуу мамилени көрө албайсың. Карыган энеси оорулуу болгонуна карабай кызы Мориндин жеке жашоосуна кийлигишип, анын бактысына балта чапкандай.

Ошол эле учурда кызынын энесине болгон салкын мамилеси да оор психологиялык кырдаал жаратат. Мында Морин өз алдынча жашоого үмүт артып, алыскы Америкага кеткиси келет.



- Ирландык Морин деген кара далы кыздын кулк-мүнөзүн жаратууда кыргыз актрисасы үчүн кандай кыйынчылыктар болду?

- Бул чыгармада Ирландиядагы жашоо, же Кыргызстандагы жашоо деген чек жок. Драматург МакДонах дүйнөдөгү аялдардын түйшүгүн жазыптыр.

Анара Ажыканова
Мына азыр Кыргызстандын миңдеген кыз-келиндери Орусия, Казакстанга жумуш иштеп кетип жатпайбы. Ал эми Орусиянын чет өлкөлөргө кетип жаткан жарандары канча? Менимче миграция маселеси бардык эле өлкөдө бирдей.

Спектаклдеги Морин да Ирландиядан Англияга жумуш издеп барып, оор абалга туш келгени тууралуу айтып, "дүйнөдөгү аялдар алсыз, коргоосуз" деп коңгуроо кагат. Мориндикиндей тагдыр Кыргызстанда да кездешет.

Мен үчүн психологиялык жактан оорулуу, кара далы Мориндин образын жаратуу албетте оор болду. Бирок мен Мартин МакДонахтын башка пьесаларын окуп маалымат алдым. Ирландиялык аялдардын көйгөлөрү тууралуу окудум.

Негизинен жумушсуздук дүйнөдөгү көпчүлүк аялдардын көйгөйү эмеспи. Мен ошол аялдардын арманын, көкүрөктөгү күйүтүн, бактысыздыгын алып чыкканга аракет кылдым.
XS
SM
MD
LG