Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан - банк кызматынан сейрек пайдаланган өлкө


Дүйнөлүк банк жүргүзгөн сурамжылоого тартылган кыргызстандыктардын 20% банктарда эсеп ачпаганын аларга ишеним артпаганы менен түшүндүрсө, 70 пайыздан көбү банкта кармагыдай каражаты жоктугун билдиришкен.

Дүйнөлүк банктын жакырчылыкты жана калктын банк кызматын пайдалануу деңгээлин бирге караган баяндамасын даярдоонун алкагында 148 мамлекеттен 150 миң киши сурамжылоого тартылган.

Кыргызстанда өткөрүлгөн мындай сурамжылоо кирешеси төмөн деп саналган бир миң адамды камтып, анын жыйынтыгы банкта эсеп ачкандар калктын 4% эле түзөрүн көрсөткөн экен.

Кыргызстан Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев “Азаттык” менен маегинде бул реалдуу кырдаалга жакын эле көрсөткүч экендигин белгиледи:

- Болжол менен туура эле чагылдырып турат. Былтыркы жылдын жыйынтыгындагы расмий статистика 6 пайыздын тегерегинде, 5,7-5,9%. Банк кызматынын жайылуу көрсөткүчү азырынча абдан эле кичинекей.

Дүйнөлүк банктын сурамжылоосуна караганда, банк кызматынын жеткиликтүүлүгү жагынан Кыргызстан эски совет республикалары ичинен Тажикстан менен Түркмөнстанда гана алдыда.

Эсеби жоктор 2,5 миллиард

Сурамжылоо Тажикстанда калктын 3%, Түркмөнстанда дээрлик эч кимисинин банк эсеби жоктугун ачыктаган.

Ал эми аймактык жана глобалдык көрсөткүчтөрдү “Азаттыкка” Дүйнөлүк банктын иликтөөчүсү Дуглас Рандалл (Douglas Randall) айтып берди:

- Биз аныктаган негизги индикаторлор боюнча, дүйнөнүн бойго жеткен калкынын туптуура 50 пайызынын банк эсептери бар. Демек калган 50 пайызынын эсеби жок. Бул - эки жарым миллиард адам. Аларды кирешелери, жашаган аймактары, өлкөлөрү боюнча бөлө келгенде айрымачылык, албетте, чоң. Кирешеси жогору өлкөлөрдө бойго жеткендердин 89 пайызынын банк эсептери бар. Салыштырсак, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч 41%, Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагын бирге караганда 45%. Ал эми күнүнө эки доллардан аз акчага жашагандардан банк эсептерин 23% эле ачкан.

Дуглас Рандалл сурамжылоого тартылгандар банк кызматын колдонбогонунун бир нече себептерин айтышканын кошумчалады:

- Биз адамдардан банк эсептери эмне үчүн жок экендигин сураганбызда, ар кандай жооп болду. Алардын бири - банктарга ишеним жоктугу. Муну себеп катары өнүккөн өлкөлөрдө банк эсептери жоктордун 13% аташса, Европа –Борбор Азия чөлкөмүнөн мындай жоопту банк эсептери жоктордун 35% берди. Кыргызстанда болсо банктарга ишенбей турганын аларда эсеп ачпагандардын 21% айтышты. Демек Кыргызстандагы бул көрсөткүч өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү алганда жогору, ал эми Европа – Борбор Азия чөлкөмүнүкүнөн төмөн.

Дүйнөлүк банктын тапшырмасы менен “Гэллап” уюму өткөргөн сурамжылоодо өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн банкта эсеби жок жарандарынын 66% муну банкта кармагыдай акчасы жоктугу менен түшүндүрсө, Кыргызстандан мындай жоопту суралгандардын 73% бериптир.

Миллиарддар банктан тыш айланат

Дүйнөлүк банктын сурамжылоосуна Кыргызстандан тартылгандардын 32% банк кызматынан пайдаланбаганын бир себеби катары жол узактыгынан аларга барып келүүнүн ыңгайсыздыгын атаган.

Банктык инфраструктуранын начардыгы, өзгөчө алардын филиалдарынын айыл жерлеринде жоктугу Кыргызстанда банк кызматын пайдалангандардын аздыгынын башкы себеби экендигин “Азаттык” менен маегинде Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраев да белгилеп, кошумча төмөнкү себептерди атады:

- Экинчиси, азыр актуалдуу болуп турган маселе – элдин каржылык сабаттуулугунун начардыгы, банктык кызматтардын мүмкүнчүлүгүнүн элге жете бербегендиги. Үчүнчү себеп, ошол банктык кызматтардын өзүнүн деңгээли, бош каражаттардын бар болгону, кредит берүү мүмкүнчүлүгү. Анткени Кыргызстанда калктын 70-80 пайыздан ашууну банктар менен кредит зарыл болгон учурда гана иштешет. Андыктан албетте кредиттик ресурстардын таңкыстыгы, үстөгүнүн жогорулугу, кыска мөөнөткө берилиши, берүүдө коюлган катуу талаптар банк кызматынан пайдаланган адамдардын аздыгын күбөлөндүргөн эң башкы белгилер.

Дүйнөлүк банктын сурамжылоосу Кыргызстанда каражат топтогондордун бир пайызы гана расмий банк эсептерин колдонорун көрсөткөн. Албетте каражат топтоого күнүмдүк тиричиликтен акчасы арткандар гана барат деңизчи.

Бирок бишкектик ишкер Мейманбек Абдылдаевдин пикиринде, маселенин бул өңүтүнө келгенде Кыргызстанда банктарга ишенбестик фактору үстөмдүк кылат:

- Башкысы банктарга ишеним жок. Андан көрө төшөктүн астында кармаганды жакшы көрүшөт. Алыс барбай өзүмдү айтсам, мен деле ишенбейм.

Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин айтымында, 2010-жылга салыштырмалуу былтыркы жылдын жыйынтыгында банктарга аманатчылар салган депозиттердин көлөмү, алардын кредиттик портфели да, кирешеси да өскөн. Бирок өлкөдө банк секторунан тыш айланган каражат деле бир топ:

- Бул боюнча түрдүү эсептер бар. Айрымдар бир жылдык бюджет жөнүндө, кээ бирлери эки бюджет, башкалары улуттук дүң өндүрүштүн жарым көлөмү банк сенкторунан сыртта калганын айтышат. Бирок чындык ортосунда болсо керек. Эгер бюджеттин жарымы эле болсо, бул бир миллиард доллардан ашык каражат банк секторунан тышкары айланууда дегендик. Бул дагы калктын негизги катмары банк кызматтарынан колдонбогонуна байланыштуу болсо керек. Андыктан бул каражатты расмий айланууга киргизүү банк секторунун эле эмес, мамлекеттин да милдети. Мында бир нече максат орундалмак. Биринчиден, бул акчанын банктар аркылуу жүгүртүлүшү ошол эле экономиканы каржылоо үчүн кошумча каражат жаралат дегендик. Экинчиден, ал акчанын көмүскөдөн чыгышы менен салык жыйноо жакшырат. Үчүнчүдөн, каржы институттарынын кирешеси өссө, алар төлөгөн салык да көбөйөт.

Жаңы оюнчулар зарыл

Быйылкы жылдын март айынын жыйынтыгында, Улуттук банктын эсебине караганда, банктардын кардарлар колундагы кредиттик протфелинин көлөмү 32 миллиард сомдон ашты. Сомдук кредиттердин орточо үстөгү 22%, доллардыкы 18% болгон.

Бирок калк, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү жылдык үстөгү мындан бери дегенде дагы 15-20% жогорку экендигине карабай, насыяны микрокаржы уюмдарынан алууга артыкчылык берет. Дүйнөлүк банктын сурамжылоосуна тартылган кыргызстандыктардын 11% гана насыя алуу үчүн расмий каржы институттарына кайрыларын айтышса, 26% насыянын булагы катары дос-туугандарын атаган.

Зергерлер ассоциациясынын жетекчиси Чыңгыз Макешов бул көрүнүштү өлкөдөгү көмүскө экономика менен да байланыштырат:

- Ишкерлердин кредит алууда банктардан тартынуусу – банктар киреше жөнүндө маалымат талап кылганы. Белгилүү болгондой, бизде көмүскө экономиканын үлүшү чоң. Ишкерлердин кирешеси бар, бирок көбү расмий түрдө көрсөтүлбөйт.

Кыргызстан коомчулугунда кредиттердин үстөк пайызы жогорулугуна нааразылык күч экендиги жашыруун эмес. Бул парламент, өкмөт жыйындарында утур-утур көтөрүлгөнү менен административдик чаралар кредиттин үстөгүн азайтууга жардам бере албасы түшүнүктүү. Мунун бир аргасы өлкөгө адистер “арзан жана узун” деп атаган акчанын келиши.

Бул, Банктар союзунун төрагасы Анвар Абдраевдин пикиринде, секторго жаңы оюнчулардын кошулуусу менен гана ишке ашуусу мүмкүн:

- Бул, биринчиден, биз артта калган жаңы банктык технологияларга түрткү берүү үчүн керек. Экинчиден, биздин базар арзан жана узак мөөнөткө эсептелген ресурсу бар оюнчуларга муктаж. Кыргызстанга олуттуу ниети бар каржы институттары келсе жаман болмок эмес. Бизге маалым болгондой, азыр коңшу мамлекеттерден, алыскы чет өлкөлөрдөн белгилүү бир кызыгуу бардай. Кезинде бизге казак банктары, эл аралык каржы институттарынын бир нечеси келгенде жалпы системанын өнүгүшүнө түрткү берген.

Анвар Абдраевдин айтымында, учурда Кыргызстандагы 22 коммерциялык банктын 16сы гана толук кандуу иштеп жатат, 4 банк консервация режиминде турат, экөөнө тикелей банктык көзөмөл киргизилген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG