Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (оңдо) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (солдо). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 1:1

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

22:35 19.11.2019

22:10 19.11.2019

Футбол: Кыргызстан - Тажикстан 1:1

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Өткөн аптада Тажикстандын командасы Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилсе, ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде утулган.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш оюндан кийин F тайпасында жетиден упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн дагы да болсо ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн Мьянма менен Монголиянын командалары Мьянманын Мандалай шаарында беттешип, талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Учурда бул тайпада Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. 5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Кыргызстан 2020-жылдын 31-мартында Мьянмага барып ойнойт.

22:06 19.11.2019

22:02 19.11.2019

Мурда эки командада тең алтыдан упай бар эле. Бул оюндан кийин бирден упай алышты. Кыргызстандын курама командасы кайрадан 2-орунга чыкты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG