Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Лондондогу курултай

Уюштуруучулар маалымдагандай, Британиянын борборунда Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бул өлкөдөгү мекендештердин I курултайы өттү. Лондондун Батерси багында уюштурулган майрамда эки боз үй тигилип, Жогорку Кеңештин Каныбек Иманалиев, Айнур Алтыбаева, Акматбек Келдибеков баштаган делегациясы катышты. Иш-чарада концерт, фото-көргөзмө, улуттук тамак-аштын кароосу, спорттук мелдештер уюштурулду. Соңунда кыргыз тилин окутуу, кыргыз маданиятын жайылтуу аракеттери каралган резолюция кабыл алынды. 1-сентябрдагы курултай Кыргызстандын элчилигинин, Кембриж Борбор Азия форуму британдык уюмдарынын, "Кыргыз студенттери”, “Кыргыз айымдары”, “Кыргыз мээрими” өндөнгөн Англиядагы кыргыз маданий, илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн, демилгеси жана колдоосу менен өттү.

16x9 Image

Бакыт Азимканов

Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG