Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Жабырлануучулар: мээлеп мээге, жүгүртпөй жүрөккө атышты


Апрель окуясы боюнча сот иши: айыпталуучулар сот залында, 22-ноябрь.
Апрель окуясы боюнча сот иши: айыпталуучулар сот залында, 22-ноябрь.

7-апрель окуясы боюнча сотто жабырлануучулар көрсөтмө бере баштады. Айыпталуучулардын жактоочулары олуттуу маалыматтары бар күбөлөрдүн тергелбей калгандыгын териштирүүнү соттон суранды.

Үмөталиевадан үмүттөнүшөт...

Сот олтуруму жабырлануучуларды жана күбөлөрдү суроонун тартибин макулдашуудан башталды. Айыпталуучулардын жактоочусу Айткулов 7-апрель күнү кан төгүүнү токтотууга аракет жасаган укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын маалыматтары тергөөдө эске алынбагандыгына токтолду. Ошондуктан ал аны башкы күбө катары сотко чакыртууну өтүндү. Төрагалык кылуучу аталган өтүнүчтү канааттандырды.
Токтайым Үмөталиева

Айыпталуучулардын коомдук жактоочусу Алимбек Ниязов Токтайым Үмөталиеванын ак желек көтөрүп Ак үйгө барган учурунда көргөн жагдайлары акыйкаттык үчүн маанилүү деп эсептейт:

- Биз тергөө жүрүп атса объективдүү тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат, керектүү күбөлөрдүн бардыгы суралып жатат го деп ойлогонбуз. Тилекке каршы бүгүн ачыкка чыгып олтурат, ошол окуяга түздөн-түз катышып, ок атышууну токтотууга жасап акүйгө чейин кирген Токтайым Үмөталиеваны тергөө органдары бир дагы жолу сурабаптыр. Анын колундагы маалыматтары тергөө үчүн өтө маанилүү болгондугуна карабастан ушундай кайдыгер мамиле болгондугу таң калтырат. Биз эми ушул соттун жүрүшүндө ал киши келип, өзү көрүп билген жагдайларды сотко айтып берет деген ишенимдебиз.

Каршылык маанайды ок менен тоскондор

Андан ары соттук териштирүүдө биринчи болуп жабырлануучу Каримжан Стамов көрсөтмө берди. Ал “Форумдан” Ак үйдү көздөй багыт алышкан адамдардын алдындагы “Урал” автоуунасынын үстүндө желек көтөрүп келе жаткандыгын белгиледи.
7-апрелдеги тополоң

Каримжан Стамов бийликке нааразылыгын айтууга келе жаткан машинедеги адамдардын алгачкы тобун кантип ок менен тосуп алганын сүрөттөп, айтып берди:

- Ок биринчи атылганда элдин алдында келе жаткан биздин автоунаа күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Ошондо анын үстүндөгү балдардын айрымдары сулап түшүштү. Менин колумда жерлбиретип бара жаткан Кыргызстандын желеги бар болчу. Бир аз өтпөй менин бутума да ок жаңылып, жыгылып түштүм. Ошондо гана ок атуу токтоп калды. Көрсө элге кайрат, дем берип жаткан желек экендигин билген аткычтар мени биринчи атып жок кылууну болжошкон окшойт.

Жабырлануучу Каримжан Стамов нааразылык акциясына катышуу ниети менен аянтка башкалар менен бирге куралсыз баргандыгын кошумчалады. Мамлекеттик айыптоо жабырлануучу Каримжан Стамовдон куралсыз келе жаткан элди ок менен тосуп алуу кантип башталганын сурады:

- Октор кайсыл тараптан атылып жаткандыгын байкадыңызбы?

- Ок биз жакын калганда даана эле көрдүм, Ак үйдүн астындагы арчалардын арасында көк-ала чаар аскерий кийимчен адамдар бизди карата автоматтарын мээлеп турушканын.

- Сиз айтып жатпайсызбы, машине келе жатканда ок атылды депчи, биринчи ок атылганга чейин көрдүңүзбү же мурунбу?

- Ок машинага кайсыл жактан атылганын байкаган жокпуз. Машина токтоп калган учурда көрдүм тигилерди.

- Ошондо алар ак үйдүн кайсыл жагында турушкан экен?

- Алар Ак үйдүн түштүк-чыгыш бурчунан атып жатышкан.

Жактоочулардын жадатма суроолору

Андан соң айыпталуучулардын жактоочулары анын каршылык акциясына кантип кошулуп калгандыгы, алардын колунда тартылып алынган куралдардын болгон-болбогону, Ак үйгө кандай максатта багыт алышкандыгы жана алардын ошол учурдагы маанайына чейин суроолорду беришти. Бирок мындай ийне-жибине чейин сурамжылоону жабырлануучлар атайын сотту создуктуруу катары кабыл алышып, залдан чыгып кетүүгө аракеттеништи.
Жабырлануучу сот залында, 22-ноябрь.

Сотко төрагалык кылуучу Жакыпбек Бектемиров жабырлануучуларды сабырдуулукка чакырып, жараянды улантуу зарылдыгын эскертти:

- Өзүңөргө жарнама кылбай жөн олтургула. Олтуруңуздар! Бул деген соттук жараян, жактоочулар бардыгын тактап сурап, билиш керек. Кылмыш-жазык процессуалдык кодекси деген китеп бар. Аны мен ойлоп таап, жазган эмесмин. Ошонун талаптарын аткарып жатабыз. Ал мыйзам баардыгына бирдей. Ошондуктан ызы-чуу салбай тынч олтуруңуздар.

Терип аткандар менен чайкап аткандар ...

Экинчи жабырлануучу Тахир Жумабаев 7-апрель күнү түшкү саат экиден өткөндө өкмөт үйүнүн алдына автоуунада келишкен адамдар кандай кыргынга учураганын айтып берди. Анын айтымында, башында көзгө атарлар терип атып жатышса, кийин катары менен аткылаган мыкаачылык орун алган.
7-апрелдеги тополоң

Тахир Жумабаев өзү жарадар болгонго чейин улам жыгылып, октон жараат алып жаткан адамдарды тез жардамга жеткирүүгө үлгүрбөй жатышканын баяндап берди:

- Ок атуу токтоп калган учурда, ошол жерде ок тийип кулап калган балдарды өөдө көтөрүп, тез жардамга жеткирүүнүн камылгасын көрүп жаттык. Ошол учурда тигилер кайрадан ок жаадырып, бизди четибизден сулата башташты. Биз кайрадан артка чегинип качабыз. Кайра келебиз. Кайра аткылашат, кайрадан балдар чалгы менен чапкандай күбүлүп түшүп жатышты... Мындайды мен мурун көргөн эмесмин. Бул жеткен мыкаачылык.


Көзгө атарлар гана эмес, “сары кийимчен” аткычтар да бар беле?

Мамлекеттик айыптоо ар бир жабырлануучудан октордун кайсыл тараптардан атылганы боюнча суроолорду берди. Буга жабырлануучулар көбүнчө Ак үйдүн үстүнөн жана анын айланасынан адамдарды мээлеп туруп терип аткан жана кээде аларды катары менен чайкап аткан учурлар болгон деп жооп беришти. Муну менен байкоочулар ал күнү ок аткандардын саны айыпталып жаткандардан бир кыйла көп болгондугун ырасташат.
7-апрелдеги кандуу булоон.

Жабырлануучулардын бири Эсен Шаршенбай уулу Ак үйдүн үстүнөн гана эмес анын алдынан аткандар да көп болгондугуна токтолду:

- Ак үйдүн ар тарабынан аткылап жатышты. Үстүнөн, алдынан, туурасынан. Көпчүлүгү үстүнөн көзгө атар мылтык менен аткандарды айтышат. Бирок биз биринчи көргөндө Ак үйдүн алдындагы милиция кызматкерлери тизилип калкан менен турушту. Алардын артында турушкан кара беткап кийишкен, сары аскерий кийимге окшоп кийинген адамдар улам чыга калышып, аткылап, кайра кирип кетип жатышты. Алардын ким экендигин ошол алдыда турушкан милиция кийимчен балдар жакшы билишет болуш керек.

Соттук териштирүүдө үч жүздөн ашуун жабырлануучу көрсөтмө бермекчи. Алардын ар бирин суроо аз эле дегенде бир саатка созулуп жатат. Мындай иш тартиби боюнча жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн угууга эле бир нече күндүк убакыт кетээри болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG