Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Турак жай курулушундагы “афера”


Турак жай курулушундагы “афера”
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:04 0:00

“Консалтинг групп” жана “Альянс курулуш плюс” курулуш компанияларынан батир алам деп акча төлөгөн үлүшчүлөр азыр “же иттен жок же ит байлаган жиптен жок” сыңары талаада калганы турат. Анткени азыр бул турак жайлардын курулушу токтоп калып, кийинки тагдыры бүдөмүк болуп турат. Эки компаниянын тең жетекчиси саналган Максим Альянов аттуу Казакстандын жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, камакта отурат. Бул эки компания 2015-жылдан тарта Бишкектин 7-8 жеринде көп кабаттуу үйлөрдү кура баштаган. Компания бул курулуштагы болочок батирлерди ондогон адамдарга 15 миңден 30 миң долларга чейин баалап, сатканы белгилүү болду. “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү бул жолу турак жай курулушундагы башаламандыктарды, мамлекет жөнгө салалбай жаткан системаны иликтөөгө алды.

XS
SM
MD
LG