Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Каркырадагы заманбап жашоо


Каркыра жайлоосу.
Каркыра жайлоосу.

Заманбап жашоо жайлоого да жетти. Азыркы малчылар тоонун чокусуна жатып алып эле спутник аркылуу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты көрүп, чайды газга кайнатып жадагалса эки күндүн биринде мончого да түшүп турушат.

Дөңгөлөктүү мончо

Жайлоодо кайдагы мончо дешиңиз мүмкүн. Бирок Каркыранын жогору жагындагы Чымынды-Сай жайлоосунда малчылар үчүн атайын дөңгөлөктүү мончо кызмат кылат. Дөңгөлөктүү дегенибиз Түп районундагы Токтоян айылынын жашоочусу Эрнис Ыманов кадимки эле “Раф” үлгүсүндөгү эски унааны чабандар түшчү мончого айланткан. Эрнис мырза мончосуна сууну токтогон жерден куюп, отунду да жеринен камдап алат. Малчыларды түрө кыдырган дөңгөлөктүү мончого кирүү акысы 80 сомдон жана ага эки киши кенен батат.

Жайлоодогу машине мончо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

Үй-бүлө баккан саан уйлар

Эң кызыгы азыр жайлоодон сүт тартып, май сызгырган чабандарды сейрек көрөсүз. Анткени сүт ташыган машине жайлоонун төрүнө чейин барып баарын сыр заводго чогултуп кетет. Ошентип чабандар сүт саалары менен литрин 15-16 сомдон дароо пулдашат. 20 уй сааган малчылардын алды 10 күндө 30 миң сомго чейин акча табат. Муну көрүп бир чети эзелтен акты сатпаган кыргыз салтынын бузулганына кейисең, бир чети базар шартына ыңгайлашып оокат кылып жаткан замандаштарды көрүп сүйүнөсүң. Күн сайын таң эрте “Газ 50” үлгүсүндөгү сүт тарткан унаасы менен малчыларды түрө кыдырган Усуп Ниязбеков:

Үй-бүлө баккан саан уйлар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Жайлоодо жатып футбол көрсөң сонун да...

Дагы бир кызык нерсе жайлоодогу чабандардын спутник аркылуу телевизордон дүйнөнүн каалаган каналын көрүшү. Алар боз үйдө жатып алып эле футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликти калтырбай көрүүдө. Бельгия менен Алжир беттешине малчылар менен биз да бирге күбө болдук.

Каркырадагы футбол күйөрмандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Азыр жайлоодо свет жок деген түшүнүк жоголуп бараткандай. Себеби бензин менен иштеген генератордун же Күндөн энергия алган батареялар аркылуу электрдин жоктугу билинбейт.

XS
SM
MD
LG