Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38

Стамбулдагы сандар талашы


Стамбулдун "Венус" мейманканасындагы эртең мененки тамак
Стамбулдун "Венус" мейманканасындагы эртең мененки тамак
Аэропорттон Стамбулдун четиндеги «Венус» мейманканасына түн ортосунда жеттик.

- Берки аэропортко бир жарым сааттык жол, эртең менен 9.30та келем, даяр тургула.

Сыпаа, ишенимдүү сүйлөгөн шофер мейманканадан шайдоот коштошуп, кетип калды. Ошону менен аны экинчи көрбөдүк.

Ванга учак Босфор кысыгынын ары жагындагы ички каттамдар аэропортунан учмак.

Эртең менен ооз ачкандан кийин, чемоданды даярдап алып, мейманкананын алдында отурабыз. Саат ондон ашты. Машина келбей калганына көзүбүз жетип, өз жолубуз менен кете берели дедик.

- Ал жакка киши төрт саатта араң жетет, такси 135 доллар, бирок жетишпейсиңер. Бир саат мурда чыксаңар болмок,- деди мейманкананын нөөмөттөгү кызматкери Мурат.

Мурат болгариялык түрктөрдөн. Бир казак эрди-катын «биздин учак кечки алтыда, ага чейин чыкпайбыз» деп чыр салганда, Мурат да орусчалап, «болуптур, анда төрткө чейин калгыла» деп аларды жолго салды.

Прагадан алган телефон "байланыш жок" деп мостоёт. Аэропорттон 150 лирага алган сим-карта иштебей койду. Көрсө, iPhone үчүн жаңы сим-картага дагы 150 лирага салык төлөш керек экен. Аны кайдан төлөй турганын билген киши жок.

Мураттан телефон сурап, Ванга чалдым. Телефондун ар жагындагы үн мага айылдагы таякемдин добушундай тааныш сезилди.

- Учакка билет күйүп кетти, Ванга автобус менен кантип барабыз?

Вандагы Улуу Памир ооган кыргыздарынын айыл башчысы Касымбекке абалды чолуп, кыскача айттым.

- 10 мүнөт күткүлө, мен кайра чалам, - деди ал.

Мурат телефон чалганыма 17 лира сурады, 10 доллар бердим.

Касымбек тез эле кайра чалды. «Учакка билет таптым, "Ататүрк" аба бекетине барып, атыңарды айтсаңар эле жетет, акчасын бул жактан төлөйбүз»-деди. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун, сиз ишенет белеңиз?!

XS
SM
MD
LG