Жеңишбек Райымбаев катуу оорудан улам 36 жашында каза болгонун "Азаттыкка" Ак-Талаа мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Мамбетова билдирди.
Дүйнөдөгү эң узун кыргыз катары таанымал болгон Жеңишбек Райымбаев акыркы айларда катуу ооруп жаткан.
Бою 2 метр 36 сантиметр болгон Нарын облусунун тургуну Жеңишбек Райымбеков кант диабети, бөйрөк оорусу сыяктуу илдеттерге чалдыгып, соңку жылдары абалы кескин начарлап, жакында бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон.
Тасма "Азаттыктын" архивинен алынды, 2009-жыл
Райымбековдун абалын уккандар жардам чогулта башташкан. Март айында Орусиядагы кыргызстандыктар акча топтосо, мындан үч күн мурда президент Алмазбек Атамбаев Жеңиш Райымбековго бир ирет 100 миң сом жардам жана ар ай сайын 10 миң сомдук жөлөк пул чектөө боюнча жардыкка кол койгон.
Ошондой эле бир апта мурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги бутунан ажыраган Райымбековго колдон келген ыкма, материалдардын жардамы менен жасалган араба тапшырган эле.
Буга чейин Ош шаарынын Наваи паркында Жеңишбекти дарылоого каражат топтоо акциясы өткөн. Жеңишбектин операциясына керектүү каражатты топтоо үчүн Ташчайнар менен Жеңишбек өлкө аймактарын кыдырып, эл менен сүрөткө түшүп каражат топтошкон эле.
Социалдык коргоо министрлиги Израилдин клиникаларынын бири менен аны дарылоо тууралуу макулдашып койгонун, бирок Райымбеков ал жакка баруудан өзү баш тартканын айткан.
Райымбековдун сөөгү жерге 3-июнда берилет.