Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Жети-Өгүз: кык жыттанган курорт

Кыргызстандыктар сыймыктанган ажайып кооз Жети-Өгүз капчыгайында 1931-жылы курулуп, 1965-жылдан бери иштеп келаткан айтылуу Жети-Өгүз курорту жайгашкан.

Ал жерге Кыргызстан гана эмес, дүйнө жүзүндө сейрек кездешчү табигый радон ысык суусу менен дарылануу үчүн чет өлкөлөрдөн ат арытып келгендер арбын. Бирок азыр курорттун санитардык аймактары жеке конок үйлөр, бээ байлаган сарайлар менен курчалып, мал тезеги жыттанган жайга айланып баратат. Фотосүрөттөр курортко ээлик кылган Республикалык профсоюздар федерациясына кулак кагыш.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Бүбүкан Досалиева

Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

 

XS
SM
MD
LG