Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Жарашуу жараяны шарттарга муктажбы?


Кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн жарашуу жараянынан. Жалал-Абад, 2010-жылдын 17-июну.
Кыргыз-өзбек өкүлдөрүнүн жарашуу жараянынан. Жалал-Абад, 2010-жылдын 17-июну.

Ташкендеги "Ош демилгеси" уюму июнь коогасында Кыргызстандан чыгып кеткен өзбек тектүү лидерлер жарашуу жараянынын бир бөлүгү болууга тийиштигин билдирип чыкты.

Анткен менен алардын өлкөгө кайтып келиши кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген пикирлер да жок эмес.

“Ош демилгесинин” сунушу

“Ош демилгеси” уюму жарашуу жараянынын башаты катары июнь коогалаңы боюнча өзбек калкынын өкүлдөрүнө бир жактуу козголгон кылмыш иштерин кыскартууну жана өлкөдөн чыгып кеткен өзбек тектүү жарандардын коопсуз кайтып келишине кепилдик берилишин сунуштайт. Аталган уюмдун интернет баракчалары аркылуу таратылган билдирүүсүндө, өзбек тектүү саясий лидерлер жарашуу жараянына чакыртылышы керек экендиги белгиленген.

Оштогу өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Рашид Хожаев тараптар саясий лидерлердин деңгээлинде бирин-бири кечириши керек деп эсептейт:

- Куда кааласа Кыргызстанда абал күндөн-күнгө жакшы болуп баратат. Ошондуктан ушул окуялардан улам сыртка чыгып кеткен өзбек туугандар кайрылып келишип кыргыз туугандарыбыз менен биргеликте бир төгөрөк үстөлдө тынч маанайда чогулушуп, “эмнеге ошондой окуялар болуп кетти, кандай себептер түрткү болду, ошону кайталабаштын жолдору кандай?” деген сыяктуу суроолорду талкуулашса жакшы болмок. Мына ошол лидерлерибиз маңдай-тескей олтурушуп, бирин-бири кечиришсе. Кыргызстандын өкмөтү жана сот бийлиги алардын келишине көмөк көрсөтүп беришсе, алардын ошол окуяларда күнөөсү бары же жогу ачык жана адилет териштирилсе...

Кайтып келиштин “кайгайы

Июнь коогалаңына байланыштуу “Ватан - Родина” партиясынын лидерлери К. Батыров, К. Абдуллаева, И. Абдрасулов жана Ж. Саллахуддинов баштаган бир катар өзбек тектүү жарандар өлкөдөн чыгып кетишкен. Аларга улуттар аралык араздашууну козуткан жана куралдуу топторду түзүшкөн деген беренелер менен кылмыш иштери козголуп, сотко өткөрүлгөн.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев айыпкерлер Кыргызстанга кайтып келип, соттун алдында жооп берүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок экендигин белгиледи:

- Бул боюнча биз биринчи жолу угуп жатабыз. Аны карап, окуп көрүп анан алар кандай шарттарды каалап жаткандыгына байланыштуу жооп берсек туура болмок. Ал эми бардык жарандар катары эле алардын деле коопсуздугу корголот. Алар деле биздин жарандар да. Эң башкысы келишсин. Келишсе анан териштирип туруп, колу менен жасаган иштерине жараша мыйзам чегинде жооп беришет.

Саясий кызыл кулактыкпы?

Оштогу өзбек коомчулугунда алардын кайтып келишинин коопсуздугун камсыздоо боюнча маселеде пикирлер бир жактуу эмес. Кээ бирлери келип жооп бериши керек дешсе, айрымдары алардын пайда болушу кырдаалды курчутат деп чочулашат.

Ош шаарындагы өзбек тектүү укук коргоочу Изаттулла Рахматтуллаев аталган саясатчылардын июнь коогалаңы боюнча жарашуу жараянынын башында турууга акысы жок деген ойду карманат:

- Алар өлкөгө келип жарашуу жараянынын башында турууга ниети бар дегенге ишенбейм. Себеби алар кыла турган иштерин кылып коюп, анан өлкөдөн качып чыгып кетишкен. Бул жактагы карапайым эл өзү эле бири-бири менен табышып, өз ара мурдагыдай эле катташа башташты. Алардын келип буга аралашышына эл азыр муктаж эмес. Алардын элди күүлөп, башты айландыра турган идеяларынын кереги жок экендигин көпчүлүк түшүнүп калды. Бул бир саясий кызыл кулактык. Чынын айтканда өкмөт кепилдик берип, келгиле дегенде деле алар элдин бетин карап келе алышпайт. Алардын тополоңунун эч кимге кереги жок. Алар ошол качып кеткен жактарында эле күн көрүп жүрө беришсин.

“Ош демилгеси” коомдук уюму өткөн жылы октябрь айында Ташкен шаарында түзүлгөн. Анын курамына жарандык коомдун өзбек, кыргыз өкүлдөрүнүн биримдигиндеги активисттери жана Кыргызстандан чыгып кетишкен өзбек тектүү саясатчылар кирери көрсөтүлгөн. Аталган уюм быйыл февраль айында июнь коогалаңы боюнча өзүнүн баяндамасын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG