Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Калилов: Пара тууралуу маалыматты мен бергем


Калилов: Пара тууралуу маалыматты мен бергем
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:46 0:00

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жолдор экономиканын күрөө тамыры экенин, анын абалы өлкө турмушунун башкы көрсөткүчү экенин белгиледи. Ошондуктан ал мамлекетте канчалык кара жолдор көп салынып, темир жол каттамдары курулса жана жаңы авиа каттамдар ачылса, экономиканын өнүгүүсүнө чоң өбөгө түзөрүн белгиледи. Жамшитбек Калилов өзүнүн орун басары ири өлчөмдө пара менен кармалган жагдай аны ыңгайсыз абалга кептеп, моралдык жоопкерчиликтин айынан министрлик кызматынан кетүүгө мажбур болгонун айтты.

Ошондой эле ал бул иште анын орун басары жалгыз болбогонун, жол куруу тендерлеринен олчойгон пара алууга кынык алган башка таасирдүү адамдар бул иш боюнча аныкталбай, жазасыз калганын кошумчалады. Жамшитбек Калилов жол куруу тендерлериндеги көмүскө, күңүрт схемалар тууралуу шектүү маалыматты атайын кызматтарга өзү бергенин айтып, бирок шектүү топтун арасынан жалгыз анын орун басары кайырмакка илинип, көп жылдан бери мындай "өнөрдү" өнөкөткө айландырган күчтөр министрдин өзүн бул ишке кириптир кылууга аракеттенип, айыпка жыгууга далалат жасаганын белгилеп өттү.
XS
SM
MD
LG