Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Абдыразаков: Кыргызстан туура чечим кабыл алды


ЕврАзЭШтин Москвадагы жыйыны. 24-декабрь, 2013
ЕврАзЭШтин Москвадагы жыйыны. 24-декабрь, 2013

Бажы биримдигине кирүү үчүн Кыргызстан сунуштап жаткан жеңилдиктерге каршы пикирин билдирген казак президенти Нурсултан Назарбаевдин сөздөрү кыргыз коомчулугунда ар түрдүү талкуулана баштады.

“Антикризис” аналитикалык борборунун жетекчиси Эркин Абдыразаков бул жаатта “Азаттыкка” ой бөлүштү.

"Азаттык": Москва шаарында 24-декабрда өткөн ЕврАзЭШтин жыйынында казак президенти Нурсултан Назарбаев "жол картасын" кабыл алууга чакырып, Кыргызстанга эч кандай жеңилдик берилбесин деген таризде сунушун айтты. Айрым серепчилер муну Бажы биримдигине мүчө бардык мамлекет башчыларынын атынан айтылды деп жатышат...

Абдыразаков: Казак президенти биздин өлкөдөгү экономикалык жана саясий абалды карап туруп эле ушул пикирди айтты десек болот. Гидроэнергетика тармагын же газ маселесин алалы, көптөгөн долбоорлор Орусия менен биргеликте ишке ашырылып атпайбы.

Кара-Балтада курулган мунайды кайра иштетүү заводу үчүн да Казакстан аркылуу куур тартылып, иш башталары айтылган болчу. Орусиянын Кыргызстандагы приоритеттүү ишканаларды башкарууга көрүп жаткан аракети, биргелешкен ишканалардын түзүлүп жатышы коңшу өлкө башчысынын ич күйдүлүгүн пайда кылды деп ачык айтсак болот.

Ал эми казак боордоштор жыл сайын бизден көп өлчөмдө эт жана сүт алып турат. Бирок дайыма алды-сатты иштеринде проблемалар жарала берет. Бул да Назарбаевдин Москвадагы айткан сунушуна себеп болушу мүмкүн.

Бажы биримдигинин "жол картасына" ылайык, Кыргызстан 160дан ашуун долбоорлорду ишке ашырышы керек. Айыл чарба продукцияларын сатуу маселесинде, соода иштерин уюштурууда татаалдыктар бар. Аны жеңилдетүүгө Кыргызстандын күчү жетпейт. Ошондуктан Кыргызстан "жол картага" кол коюу үчүн кошумча мөөнөт сураганы туура кадам болду.

"Азаттык": Бажы биримдигинин "жол картасына" кол коюу үчүн азырынча белгисиз мөөнөт чектелди. Ошол эле учурда коомчулукта биримдикке кирбөө тууралуу пикирлер арбын болуп жатат. Экономисттердин да бул жаатта пикири ар түрдүү болууда...

Абдыразаков: Менин баамымда, "өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый түртсөң араба сынат" деген абалда турабыз. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө. Ал уюмдун да эрежелерин карап, Бажы биримдигине кирсек уюмга байланыштуу кандай терс таасирлер болушу мүмкүндүгүн анализдеп көрүш керек. Бул жаатта азыр эч кандай сөз да болгон жок. Ошондуктан жогоруда айтылган маселелерди карап чыгып, биримдикке кирүү үчүн 2015-жылдан кийин гана аракет кылганыбыз макул.

Баса, биримдикке кирүү үчүн Кыргызстан тарап койгон талаптардын ичинде "Мадина", "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларына өзгөчө шарт түзүү жагы да айтылган. Бул туура эмес сунуш. Себеби башка өлкөлөр биздин ал кызыкчылыгыбызды баары бир колдобойт.

"Азаттык": Коомчулукта соңку кездери дагы бир божомолдуу ойлор пайда боло баштады. Кыргыз бийлиги Бажы биримдигинен өлкө үчүн азырынча натыйжалуу пайда көрө элек, ошондуктан ага кирүүнү болушунча нары сүрүп жатат деген ойлор айтылып атат. Бул пикирге кошула аласызбы?

Абдыразаков: Туура. Анткени биз экономикалык жактан ага даяр эмеспиз. Ал эмес, Бажы биримдигине кирген экономикалык жактан бир топ күчтүү өлкөлөрдүн арасында да түшүнбөстүктөр болуп жатпайбы. Мисалы, Казакстандын пастеризацияланган сүтүн Беларус менен Орусия сүт кошулган суусундук деп сатып алган учурлар бар. Бул Казакстан үчүн каржылык зыян келтирип жатат. Ал эми Орусия менен Беларустун ортосунда да “Уралкалий” ишканасына байланыштуу пикир келишпестиктер бар. Ошондуктан Бажы биримдигине кириш үчүн Кыргызстан шашылбаса да болот.

XS
SM
MD
LG