Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Алимбеков: 2009-жылдагы келишимдин шартын аткардык


Алимбеков: 2009-жылдагы келишимдин шартын аткардык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүндө суроолорго жооп берип жатып, 2009-жылдагы "Центерра" менен болгон келишимдин шарттарын аткаруу үчүн 16 миң гектар жер тилкеси кайра кайтарылып берилгенин ырастаган. Анткени "Кумтөр" алтын кен долбоорун иликтеген Мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңеш 2012-жылы 27-июнда кабыл алган токтомдо 2009-жылдагы келишимге ылайык, 2010-жылы 25-мартта "Кумтөргө" алтын казууга берген 16 миң гектар жер аянтын кайтарып алууну өкмөткө сунуштаган. Анда мамлекеттик коруктун аймагында деп каралган Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелериндеги алтын казуу үчүн берилген лицензияларды кайра кайтаруу тапшырмасы дагы коюлган. Парламенттин мына ошол токтомуна Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбеков кол койгон. Ошонун негизинде өкмөт 2012-жылы 7-июлда аталган 16 гектардан ашуун жерди "Кумтөрдөн" кайтаруу боюнча токтом чыгарган. Ага ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койгон. Өкмөт азыркы учурда бул документтер жокко чыгарылганын же жокко чыгара электигин ачык айта элек. Бирок 2009-жылдагы келишимдин шарттары гана аткарылып жатканын "Кыргызалтындын" жетекчиси белгилеген.

XS
SM
MD
LG